Германиядан иш убадалашкан. Элди 8 млн. сомго алдагандар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКР жаранынын паспорту жана акча. Архивдик сүрөт
КР жаранынын паспорту жана акча. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы юридикалык компаниянын жетекчилерине карата мыйзамсыз миграция уюштурулушу боюнча 50 фактынын негизинде кылмыш ишин козгоду.
ИИМдин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда туулган 26 жаштагы М. К. менен Нарын облусунда туулган 33 жаштагы Б.М. кыргызстандыктарды Германияда жумушка орноштурууну убадалап, алардан 8 миллион сомдон ашык акча алдап алышкан.
Шектүү эки аял тең Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Каржы пирамидасы. Россия алдамчылыкка шектүү аялды Кыргызстанга өткөрүп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0