Путин: "Бир алкак — бир жол" Россиянын Евразия боюнча идеясы менен үндөш

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын Президенти В.Путиндин "Бир алкак - бир жол" үчүнчү эл аралык форумунун иш-чараларына катышуу үчүн Кытайга болгон сапары
Россиянын Президенти В.Путиндин Бир алкак - бир жол үчүнчү эл аралык форумунун иш-чараларына катышуу үчүн Кытайга болгон сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
Владимир Путин өз сөзүндө Россия постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер менен ийгиликтүү иштешип жаткан Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу да айтты.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгеси Россиянын ар кыр интеграциялык процесстер, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) тизгиндеш иштеген ири евразиялык мейкиндик түзүү идеясы менен үндөш. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Пекинде өтүп жаткан "Бир алкак — бир жол" форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчынын айтымында, Россия менен Кытай узак мөөнөттүү экономикалык прогресске жетишүү үчүн тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкка умтулуп келет.
"Ушундай түптүү принциптердин негизинде түзүлүп жаткан "Бир алкак — бир жол" демилгеси ар кыл региондо өнүгүп жаткан интеграциялык процесстерге шайкеш келет. Мындан тышкары, Россиянын сооданын, инвестициянын эркин жүрүшүн камсыздаган интеграциялык контур түзүү идеясына үндөшүп турат", — деди Путин.
РФ лидери бул демилгенин максаты Россиянын пикирлеш мамлекеттердин кызматташуусу үчүн ири евразиялык мейкиндик түзүү сунушу менен окшош экенин белгиледи. Анын айтымында, бул мейкиндикте "Бир алкак — бир жол", Шанхай кызматташтык уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) жана Евразиялык экономикалык биримдиктин чогуу иш алып баруусу каралган.
Путин Россия менен Кытайдын ортосунда ЕАЭБ менен "Бир алкак — бир жол" программасынын параллелдүү жана координацияланган өнүгүүсү тууралуу макулдашуу түзүлгөнүн белгиледи.
"Бир алкак — бир жол" Кытайдын учурда иштеп жаткан соода-транспорттук коридорлорду жакшыртуу жана жаңыларын түзүү боюнча эл аралык демилгеси. Ал Борбордук Азия, Европа жана Африканын 60тан ашуун өлкөсүнүн башын бириктирип, Кытай менен соода мамилесин өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.
Кытай лидери Си Цзиньпин Пекинде өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги Бир алкак — бир жол форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Си Цзиньпин: Кытай идеологиялык тирешүүгө аралашпайт, максатыбыз башка
Жаңылыктар түрмөгү
0