Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматов: улуттук тарбияны жандантууда китеп окууга басым жасоо керек

© Sputnik / Асел АкматБилим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагог Кыялбек Акматов
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагог Кыялбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагог Кыялбек Акматов тарбия менен билим берүүнү бөлүп кароо мүмкүн эместигин айтты.
Коомго пайдалуу, улутка керектүү баланы тарбиялоодо эки учурду туура түшүнүп алышыбыз керек. Биринчиси, бала тарбиясында ата-эне, мугалим жана коом чиркешип, тыгыз байланышта жүрүп отурат. Тарбияны сен, билимди мен же башкача деп бөлүп кароого болбойт. Экинчиси, тарбиясы жок билимдүү адамды өстүрүп чыгуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыялбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акматов: улуттук тарбияны жандантууда китеп окууга басым жасоо керек
Анын айтымында, келечек муундарыбыздын ийгиликтүү болушун кааласак, азыр улуттук педагогикага таянуу менен балдарды эле эмес, ата-энелерди кошо тарбиялоо зарылчылыгы турат.
"Тарбиянын уңгусу — бул улуттук наркты муундан-муунга өткөрүп берүү. Биздин элдин бул жаатта сандыгы бай. Түрдүү жанрдагы элдик чыгармалар, макал-лакаптар, ырлар, жомоктор, айтор, мунун баары баланы тарбиялоодо негизги курал болуп берет. Азыркы учурда аларды эффективдүү колдоно албай жатканыбыздын эки себеби бар. Биринчиден, бизде китеп окуу маданияты жоюлуп кетти. Аны жандандыруу зарыл. Бул үчүн алгач ата-энелер арасында китепкөй болууну жайылтуу керек. Кийинки маселе ушул бар байлыгыбызды заман талабына ылайыкташтырып, санарип доорунун талаптарына жооп бергидей контенттерди даярдап бере албай жатабыз. Балдарыбыз интернет аркылуу башка элдин тилин үйрөнүп алган деңгээлде өзүбүздүн нарктуу тарбияга жетелеген материалдарыбызды бере алганыбызда келечекте жемишин көрмөкпүз. Азыр да кеч эмес. Өзөктүү ушул эки көйгөйдү чечүү менен биз этнопедагогика же болбосо нарктуу тарбиябызды модернизациялап, колдонуп, сапаттуу муунду өстүрүп чыксак болот", — деди Акматов.
Ал нарктуу тарбияны жайылтууда жаш педагогдорго басым жасалуусу заман талабы экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0