Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жерди туура иштетүү түшүмдүүлүктү жогорулатат. Жол-жобосу

© Sputnik / Асел АкматАйыл чарба министрлигине караштуу Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын директору Кутман Исаев
Айыл чарба министрлигине караштуу Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын директору Кутман Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын директору Кутман Исаев топурактын анализин жүргүзүү түшүмгө жакшы натыйжа берерин белгиледи.
Түшүмдү жакшыртуу үчүн топурактын агрохимиялык анализин билип алуу зарыл. Бул тууралуу Кутман Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жерди туура иштетүү түшүмдүүлүктү жогорулатат. Жол-жобосу
Анын айтымында, бардык технологияны туура колдонуп, үч эсе көп түшүм алган мисалдар бар.
"Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийинки жер реформасында айдоо жерлер үлүшкө берилген. Натыйжада ал жерлер айдоочуларга, мугалимдерге, дарыгерлерге, чабандарга, айтор, баарына берилген. Алар агроном болбогондуктан жер иштетүү маданияты кыйла түшүп кетти. Учурда окутуулар жүргүзүлүп, фермерлер мол түшүм алуу жолдорун үйрөнүп калышты. Жакшы түшүм алуу үчүн бардыгы маанилүү. Агротехниканы убагында колдонуп, сапаттуу үрөн себүү кажет. Ошондой эле илдет, отоо чөптөр менен туура күрөшүп, түшүмдү өз учурунда жыйнап алыш керек. Эң биринчи кадам топурактагы азыктарды билүү зарыл. Ал үчүн топуракты агрохимиялык анализден өткөрүү керек. Мындан 10 жыл мурда эле биздин лабораторияга республика боюнча 15-20 фермер кайрыла турган. Бул көрсөткүч акырындан өсүп отуруп, быйыл тогуз айдын жыйынтыгы менен топуракты изилдөө үчүн 3 527 үлгү келип түшкөн. Бул өлкөдөгү айдоо жердин пайызы менен алсак кыйла аз, бирок бул анализди жасаткандар жакшы натыйжага жетишүүдө. Мисалы, жазында фермер кайрылып, жылына 18 тоннадай помидор ала турганын айткан. Биз өз сунуштарыбызды берип, болжол менен 30-35 тонна түшүм болорун айтканбыз. Бирок ал фермер 75-80 тонна түшүм алганын жар салды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Албетте, бул бардык технологияларды туура колдонуунун натыйжасы десек болот. Ошондуктан күзүндө оруп-жыюу аяктаганда эле топурактын анализин чыгарып, жазгы айдоо иштерине даярдануу зарыл", — деди Исаев.
Ошондой эле ал топурактын анализин чыгаруу үчүн төрт күндөн бир жумага чейин убакыт керектелерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0