Азия оюндарынан дагы бир медаль! Балбан Раззак Бейшекеев коло утту

© Фото / UWW / Martin GaborКыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын капчыгына ушуну менен эки медаль түштү.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Азия оюндарынан коло медаль утту.
Ал 67 килограммга чейинки салмак категориясында өзбекстандык балбан менен күч сынашты.
Эсеп 1:1 болгон, бирок акыркы ыкманы Бейшекеев жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын капчыгына ушуну менен эки медаль түштү. Биринчисин Жоламан Шаршенбеков алып келген. Ал алтын утуп Азия оюндарынын чемпиону аталды.
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Дзюдочу Эрлан Шеров Азиададан алтын утуп, тарых жаратты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0