Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Бишкек жылуулук тармагы": жабдуунун 72%ы эскирди

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын борбордук эксплуатациялык районунун башчысы Марлис Соодонбеков
Бишкек жылуулук тармагы ишканасынын борбордук эксплуатациялык районунун башчысы Марлис Соодонбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын борбордук эксплуатациялык районунун башчысы Марлис Соодонбеков аталган ишкананын 2023-2024-жылынын күз-кыш мезгилине даярдыгы кызуу жүрүп жатканын айтты.
Бүгүнкү күндө ишкананын жабдуусунун 72 пайызы эски, бул өз кезегинде жылуулукту жеткирүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Жыл сайын 20 чакырымдай түтүктү алмаштыруу керек болсо, иш жүзүндө жылына 3-5 чакырым гана түтүк алмаштырылып жатат. Бул тууралуу Марлис Соодонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Бишкек жылуулук тармагы": жабдуунун 72%ы эскирди
Анын айтымында, "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы калаа тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздап, жалпы 138 660 жеке, 4450 өндүрүштүк абонентти тейлейт.
"2023-жылдын 1-сентябрына карата жылуулук тармактарынын 1989 метр эскирген участоктору (468 бекитүүчү арматура, 1029 чарчы метр бузулган жылуулук изоляциясы) оңдолду. Ошондой эле турак жайлардын 21 миӊ 290 метр жылуулук жана ысык суу түтүктөрү (5928 бекитүүчү арматурасы) алмаштырылды. Жалпысынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча пландалган оңдоо иштери аяктады. Алгач жалпы чыгым 144 миллион 780 миң сом деп пландалса, иш жүзүндө 103 миллион 667 миң сомго ремонт жүрдү. Анын ичинде жылуулук-механикалык жабдууларды оңдоо иштерине 97 миллион 351 миң сом жумшалды. Сегиз айдын ичинде план боюнча оңдоо иштери 95 пайызга бүттү. 2023-жыл ичинде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жылуулук-механикалык жабдуулардын иши толугу менен токтотулган мезгилде жылуулук тармактардын тыгыздыгына гидравликалык сыноолор жүргүзүлдү. Жалпысынан 92 бузулуулар аныкталды (анын ичинен 11 бузулуу биринчи этапта, ал эми 81и экинчи этапта аныкталган). Бүгүнкү күндө анын көбү калыбына келтирилди", — деди Соодонбеков.
Ал 2023-2024-жылдын жылытуу мезгилине Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча жаңы түтүктөрдү орнотуу, капиталдык курулуш, ошондой эле жеке жылытуу пунктуларын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0