Экологияны булгап, бузгандарга катаал жаза демилгеленди. Айып пулдардын суммасы

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКиши токойдо таштанды чогултуп жатат. Архив
Киши токойдо таштанды чогултуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Экологиялык мыйзам бузуу үчүн каралган айыптардын суммасы 10 эсеге чейин көбөйүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологияны бузгандарга карата жазаны күчөтүп, бир катар жоруктар үчүн жаңы айып пулдарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам бузуу үчүн катаал жазаларды киргизүү жаратылыш ресурстарынын сакталышына натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн зарыл болуп жатканы белгиленди. Анткени айып пулдун өлчөмү аз болгондуктан ишкерлер экологияга кайдыгер карап жатканы айтылат.
"Тоо-кен компаниясы үчүн 10-30 миң сом төлөө кыйын эмес. Айып пулду 10 эсе көбөйтүү сезилерлик болот. Мисалы, көмүр казуучу компанияга 250 миң сом максималдуу айып пул төлөө үчүн төрт HOWO машинасындагы көмүрдү сатуу керек, ар бир машинаны эсепке алганда орточо 70 миң сом. Алтын казуучу компаниялар үчүн 84 грамм алтын сыныктарына туура келет", — деп жазылат долбоордун маалымат негиздемесинде.
Көбөйтүлгөн айып пулдар (биринчи жазылган сумма жеке жактар, экинчиси юридикалык тараптар үчүн):
Жаратылыш-корук фондунун аймактарын же объекттерин пайдалануу тартибин бузуу 55 миң, 170 миң (учурда 5 500, 17 миң);
Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды куруу тартибин бузуу — 75 миң, 200 миң сом (учурда 7 500, 23 миң сом);
Пайдалуу кендер чыккан жерлерди сарамжалдуу пайдалануу талаптарын бузуу, маркшейдердик документтерди жоготуу — 55 миң, 170 миң сом (учурда 5 500, 17 миң);
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү эрежелерин бузуу — 55 миң, 170 миң сом (учурда 7 500, 17 миң);
Мунай зат, ууландыруучу, башка жарылгыч же уулуу заттар чыккан жерде жана аларды ташууда коопсуздук эрежелерин бузуу — 100 миң, 280 миң сом (учурда 10 миң, 28 миң);
Жер казынасын пайдалануунун атайын шарттарын бузуу — 100 миң, 200 миң сом (учурда 17,5 миң, 55 миң сом);
Жарылуучу материалдарга тиешелүү эрежелерди бузуу — 1 500, 3 500 сом (учурда 1000, 2 800 сом).
Сунушталып жаткан айып пулдар (биринчи жазылган сумма жеке жактар, экинчиси юридикалык тараптар үчүн):
Курчап турган чөйрөгө саркынды сууларды агызуу тартибин бузуу — 10 миң, 28 миң сом;
Рекультивацияланган жерлерди жана бөлүнгөн жерлердин ордуна жаңыдан өздөштүрүлгөн жерлерди берүү мөөнөттөрүн бузуу — 7 500, 28 миң сом;
Айлана-чөйрөнү булгоочу булактар жөнүндө маалыматты жашыруу, зыяндуу экологиялык кесепеттерге алып келген авариялар тууралуу маалыматты бурмалоо — 28 миң сом;
Булгоочу заттарды таштоо, калдыктарды жайгаштыруу. Жаратылыш ресурстарын атайын уруксатсыз пайдалануу — 5 500, 28 миң сом;
Жаратылышты коргоо багытындагы курулуштарды, түзүлүштөрдү жана орнотмолорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу же пайдаланбоо — 28 миң сом;
Сууларды уруксатсыз же атайын келишимсиз пайдалануу — 10 миң, 29 миң сом;
Суу пайдалануунун көлөмү уруксат берилген нормадан ашып кетсе — 7 500, 23 миң сом;
Мунай заттарды кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана сапатын көзөмөлдөө эрежелерин бузуу — 5 500, 55 миң сом;
Дарактарды, бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана токойлорду жок кылуу же бузуу — 10 миң, 28 миң сом.
Түтүктөр чыккан түтүн. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Өндүрүштүк калдыктар менен абаны булгагандарга 17 миң сом айып салуу сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0