19-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКарагайдын бутагында жамгыр тамчылары. Архив
Карагайдын бутагында жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
19-сентябрга караган түнү тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 19-сентябрда, шейшембиде, өрөөндөрдө күн күркүрөп, мезгил-мезгил менен жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, Нарын аймагында +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн экинчи бөлүгүндө өткүн өтүшү мүмкүн. Күндүн табы +24...+26 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында күн ачык болуп, +25...+27 градус жылуу болору болжолдонду.
Францияда ысыктан улам көлчөктүн кургашы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
NASA быйылкы жай тарыхтагы эң ысык мезгил болгонун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0