Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жугуштуу ичеги-карын оорулары бөйрөктү иштен чыгарат. Илдетти алдын алуу

© SputnikКММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамира Чыныева
КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамира Чыныева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамира Чыныева жугуштуу ичеги-карын ооруларынын негизги белгилери жана оорудан кантип коргонуу керектигин айтып берди.
Жугуштуу ичеги-карын инфекциялары — бузулган тамак-аш, сууну же кир кол аркылуу пайда болгон адамдын ичеги-кардын жабыркатуучу жугуштуу оорулардын тобу. Булардын козгогучтары дизентерия, сальмонеллез, ич келте, А түрүндөгү гепатит болуп эсептелет. Бул тууралуу Дамира Чыныева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жугуштуу ичеги-карын оорулары бөйрөктү иштен чыгарат. Илдетти алдын алуу
Анын айтымында, гигиенанын элементардык эрежелерин сактоо менен жугуштуу ичеги-карын инфекцияларынан коргонсо болот.
"Жугуштуу ичеги-карын инфекциялары жеке жана коомдук гигиена эрежелеринин сакталбашынан улам пайда болот. Ичеги-карын ишинин бузулганын ичтин ооруп көпкөнүнөн, суткасына үч-төрт жол суюк заӊдоодон билсе болот. Ошондой эле оору дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, табиттин жоголушу, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Оору инфекция бар болгон ачык жерлерден суу ичкенде, дайыма кылдат жуулбаган жаңы жашылча-жемиштерди, көпкө туруп калган тамак-аш азыктарын (өзгөчө эт, сүт, балык) жегенде, инфекция алып жүргөн курт-кумурскалар аркылуу жугат. Андыктан кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана ичүү, тамак ичер алдында жана дааратканадан кийин колду самындап жууп, мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана чөптөрдү кылдат жууп салуу, тамак-ашты чымын-чиркейлерден жана курт-кумурскалардан сактоо, муздаткычта кармоо (чийки этти даяр продукциядан өзүнчө), жаңы даярдалган тамак-ашты гана колдонуу, тамак-аш даярдоо жана сактоочу жайларда тазалыкты сактоо, көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүн карап тамак-аш сатып алуу зарыл. Жугуштуу ичеги-карын инфекциялары адамды (өзгөчө кичинекей балдар, карыларды) суусуздандырып, бөйрөк жана башка органдарга залал келтирет. Күчөп кеткен учурда адамды өлүмгө кептейт", — деди Чыныева.
Адис ичеги-карын инфекциясы менен ооруганда өз алдынча дарылануу кооптуу экенин, дарыгерге кайрылып, айтканына жараша дарылануу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0