БРИКС жана ЕАЭБ эмнеси менен айырмаланат? Экономисттин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЕАЭБ стендинин жанында киши өтүп бара жатат. Архив
ЕАЭБ стендинин жанында киши өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
Акимова кандай гана саммит болбосун, ал өлкө лидерлери үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Августта БРИКС саммити өтүп, ага дагы бир нече өлкөлөр кошулду. Бул иш-чарадан кийин БРИКС, ШКУ жана ЕАЭБдин биргелешкен саммитин Минскиде уюштурууну сунушташты.
Экономист Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстанга БРИКС сындуу уюмдарды мурда бир катар эксперттер дүйнөдөгү ири экономикалык клубдун ана башы катары кабыл алышканын айтып берди.
© Sputnik / Асел АкматЭкономист Нургүл Акимова
Экономист Нургуль Акимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Экономист Нургүл Акимова
"Акыркы жылдардагы окуялар — кризистер, чатактар, санкциялык оюндар ресурсу көп өлкөнү ордунан козгоп, өзүн башка өңүттө көрсөтүүгө түрттү. Россияга санкциялар болуп көрбөгөндөй салынды. 100дөн ашык мамлекет байлыгын тарттырып жиберүүдөн чочулап, саясатын өзгөрттү. Маселен, америкалык облигациялардын ордуна башка баалуу кагаздарга инвестициялай башташты. Жаңы өлкөлөрдүн БРИКСке кирүүгө умтулуусу — мамлекеттердин лидерлери чыныгы кырдаалдын кандай болуп жатканын көрүп-билип, өз ара кызматташуунун башка жолдорун карап жатканынын далили", — деп түшүндүрдү экономист.
Ал БРИКС жана ЕЭАБ интеграциялык деңгээли боюнча такыр башка уюмдар экенин айтты.
"Евразиялык экономикалык биримдикте кандайдыр бир жалпы эрежелерди кабыл алууга болот. Биринчиден, бизде институттар түзүлгөн. Тагыраагы, нормаларды иштеп чыккан Евразиялык экономикалык комиссия бар. Экинчиден, жоопкерчилик менен лидерликти өзүнө алган флагман мамлекет Россия бар. Ал эми БРИКСте, албетте, андай тарап жок. Менин пикиримде, бул эки уюмдун ортосунда тыгыз байланыштар азырынча анча түзүлө бербейт, себеби алар ар кыл деңгээлде өнүккөн. Бирок биримдиктерге кирген өлкөлөр ортосундагы соода болушу мүмкүн", — деди экономист.
Акимова кандай гана саммит болбосун, өлкө лидерлери жана элита үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, балким, инвесторлорду тартуу жана түз келишимдерди түзүүгө болгон мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи. Андыктан Беларуска сунушталган БРИКС — ШКУ — ЕАЭБ форматындагы саммит ишке ашып калса, анын зыяны деле болбойт.
БРИКСтин саммити. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Батыш кимден кол жууду? Америкалык экономист БРИКСтин кулачы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0