Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү
Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган калаанын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт. 28.07.2023, Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыя 1898-жылы калк жашаган аймак катары пайда болуп, кийин көмүр кендеринин иштетилиши менен шаардын пайдубалы түптөлө баштаган. XX кылымдын башында кендерде 700гө жакын адам иштеп, казылган кара алтындын көлөмү арбыган. Совет бийлиги орногонго чейин эле темир жол пайдаланууга берилип, кызыл-кыялыктар аймакты көмүр менен камсыздаган. Мисалы, алар продукцияны Фергана өрөөнүнө, Казакстандын түштүк аймактарына чейин саткан. Кызыл-Кыяга 1938-жылы шаар статусу берилип, союз маалында ар тараптан өнүккөн. Шаарда шахталар, электромеханикалык ишканалар, бут кийим тигүүчү фабрика, аскердик техникалардын, цементтин, сүттүн, тамекинин, консервациянын заводдору иштеген.Учурда Баткен облусунун ири өнөр жай шаарында кыш, гипс, бетон, цемент чыгарган завод-фабрикалар, 200гө жакын чакан ишкана, бир нече шахта жана бир аэропорт иштейт. Калаада төрт жогорку окуу жай, 14 жалпы билим берүүчү мекеме жана он маданий объект бар.Тема боюнча:
Быйыл Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган калаанын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Кызыл-Кыя 1898-жылы калк жашаган аймак катары пайда болуп, кийин көмүр кендеринин иштетилиши менен шаардын пайдубалы түптөлө баштаган. XX кылымдын башында кендерде 700гө жакын адам иштеп, казылган кара алтындын көлөмү арбыган. Совет бийлиги орногонго чейин эле темир жол пайдаланууга берилип, кызыл-кыялыктар аймакты көмүр менен камсыздаган. Мисалы, алар продукцияны Фергана өрөөнүнө, Казакстандын түштүк аймактарына чейин саткан. Кызыл-Кыяга 1938-жылы шаар статусу берилип, союз маалында ар тараптан өнүккөн. Шаарда шахталар, электромеханикалык ишканалар, бут кийим тигүүчү фабрика, аскердик техникалардын, цементтин, сүттүн, тамекинин, консервациянын заводдору иштеген.
Учурда Баткен облусунун ири өнөр жай шаарында кыш, гипс, бетон, цемент чыгарган завод-фабрикалар, 200гө жакын чакан ишкана, бир нече шахта жана бир аэропорт иштейт. Калаада төрт жогорку окуу жай, 14 жалпы билим берүүчү мекеме жана он маданий объект бар.