Композитор Турдубек Чокиев: маданияттын бүт тармагында халтура көбөйдү

© Фото / семейный архив Турдубека ЧокиеваКомпозиторлор союзунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиев
Композиторлор союзунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясында Композиторлор союзунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиев конокто болду. Биз композиторлордун чыгармачылыгы, абалы, жалпы союздун ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөштүк.
— Өлкөдө композиторлордун абалы кандай?
— Чыгармачыл адам — жаратман. Мындай адамдардын тагдыры өлкөдөгү саясий, экономикалык абалга байланыштуу. Бекеринен союз кезинде чыгармачылыкты, адабиятты активдүү колдошкон эмес. Буга чейин эле Семён Чайковский баштаган мыкты композиторлорду мамлекеттен тышкары меценаттар колдоп келген. Эгемендик алгандан баштап биз сыртта калгандай болуп калдык. Өмүрүңдү ушул тармакка арнагандан кийин чыгармалар жарала берет. Бирок шоу-дүйнөнүн жеңил-желпи ыргагы каптап кетти. Кечээ Улуттук опера жана балет театрын жоюп салган түркмөндөр анын керек экенин кеч түшүнүп, кетип калган таланттарын чогулта албай абдан кыйналышты.
Бизде эркин радиолор пайда болгону флешкага ыр жаздырып келип эле "ырчымын" деген көрүнгөндүн ырын күндүр-түндүр жаңыртып жатып элдин табитин бузуп, башын айландырып салды. Ушундан улам жакшы нерсени таңуулап болсо да үйрөтүү керек окшойт деген ой келет. Союз маалында Людвиг ван Бетховендин симфонияларын сурап угушчу, азыр кыргыз күүлөрүн тыңдабай калган заман. Шоу-бизнестин музыкалары жан дүйнөгө ырахат тартуулабайт, музыкалык ыргак деле жок, бирок дүкүлдөп жаңырган музыка баңгизат сыяктуу элдин табитин бурат. Быйыл мамлекеттик бюджеттен маданият кызматкерлерине 673 миллион сом бөлүнүп, бир аз көңүл бурулду. Азыр жаштарга стимул керек. Чыгармалар жазылып жатат. Ноябрда борбордо чоң концерт болот, анда композиторлордун мыктыларын тандап алып калем акы төлөп берүү жагын Маданият министрлиги менен чечип жатабыз.
© SputnikSputnik Кыргызстан редакциясында Композиторлор союзунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиев
Председатель Союза композиторов Турдубек Чокиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Sputnik Кыргызстан редакциясында Композиторлор союзунун төрагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиев
— Көчмөн элбиз жана оозеки чыгармачылык муундан-муунга өтүп каныбызга сиңип калган. Эгемендик алган жылдары ортодо профессионал музыканттарга көңүл бурулбай бир аз аксап калгандай болдук...
— Эгемендүүлүктүн 32-жылын белгилеп жатабыз. Бирок экономикабыз эңшерилип, баштагыдай колдоо жок. Жазуучулар союзунан берилген имаратта коломтодогу отту өчүрбөй келдик. Анда-санда конкурстарды жарыялаганыбыз менен туруктуулук жок. Музыканттар башка тармакка кете албайт. Себеби кичинесинен баштап 20 жыл окуган кесибин башкага алмаштыруу кыйын. Бирок алар да кесиби менен жан баккысы келет. Чыгармаларыңды баалап койсо жазгың келет. Стимулдаштыруу такыр токтоп калган, эми жандантса деген тилек бар. Союзга кабыл алуунун уставын да бир аз өзгөрттүк. Башка өлкөлөрдө нота таанып, обон жараткандардын баарын эле композитор деп атай беришет экен. Аларда обончу, кыякчы деген түшүнүк жок. Биз дагы дипломдогу адистигине карабай эле музыка жазгандарды мүчөлүккө алып баштадык. Кесиби композитор болсо да бир чыгармадан башка эчтеке жазбагандарга караганда азыр чопо чоор, кыл кыяк менен күү жаратып, өзүнчө чакан топторду түзүп алган балдар-кыздар бар. Буларды толук түрдө композитор деп атоого болот. Союздун 60тай мүчөсү бар, алардын теңи музыка таануучулар.
— "Музыканы изилдеген жакшы адистер акыркы учурда жокко эсе болуп калды" деген композиторлор да бар...
— Учурда кандидаттыгын жактап жаткан музыка таануучулар бар. Азыр мен министрликке долбоор даярдап бердим. Акыркы кезде кыргыз музыкасын изилдеген адистер жок. Орус музыка таануучулары жазып кеткен тарых бар, андан кийинкиси актай турат. Ошол себептен музыка таануучуларды чакырып, "кыргыз музыкасындагы акыркы чыгармаларды кошуп, ар бир жанр боюнча анын тарыхын жазып чыккыла" деген оюмду айттым. Алар мунун окуу курал кылууга да ылайыктуу долбоор экенин айтып, макулдугун беришти.
Композиторлор музыкалык мектептерди кыдырып, кайсы багыттагы чыгармалар жетпей жатканын талкуулап, тактадык. Андан кийин министрликке үйлөмө аспаптар, кыл аспаптар жана фортепиано боюнча өзүнчө үч позицияда конкурс өткөрүүнү сунуштасак, колдошту. Азыр мурункудай мамлекеттик буюртмалар жок. Бирок 2010-жылы Гүлмира Эсенгулова экөөбүз мигранттардын балдарына арналган "Алтын уя" спектаклин жазып, Токтогул сыйлыгын алганбыз. Былтыр Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" чыгармасынын негизинде жетим балдарга арналган бир актылуу опера жаздык. Ушундай актуалдуу темалар жазылып жатат. Тимур Саламатов да мигранттарга арналган мюзикл жазып комиссиянын алдына койгону турат. Сатылган Осмоновдун "Алымбек менен Курманжан" операсынын премьерасы жакында Ошто өтөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековТурдубек Чокиев: бизде эң көп алмашканы – маданият министри. Эсептесем 15 жылдын ичинде 12 министр алмашкан. Кадр маселесинде туруктуулук керек. Анткени министр маданий мекемелердин абалын, тармакты жаңыдан таанып-билип баштаганда эле алып салышат.
Председатель Союза композиторов Турдубек Чокиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Турдубек Чокиев: бизде эң көп алмашканы – маданият министри. Эсептесем 15 жылдын ичинде 12 министр алмашкан. Кадр маселесинде туруктуулук керек. Анткени министр маданий мекемелердин абалын, тармакты жаңыдан таанып-билип баштаганда эле алып салышат.
— Ал эми музыкалык мектептерде адистерди окутуу маселеси кандай жүрүүдө?
— Бир аз чаржайыт. Мурдагы мектептер жалаң музыкалык багытта билим берсе, азыр "искусство" деп атап алып эле ар түрдүү искусствонун башын бириктирип коюшту. Экинчиден, бизде мыкты музыканттардын баары еврейлер менен орустар болчу. 1990-жылдары булардын баары кетип калып, өзүбүздүн мыкты адистерди тарбиялап чыкканча убакыттан уттуруп койдук. Музыкалык терминдер жолго коюлган эмес. Көп терминдер италия тилинен алынган. Алар да чала-була которулган. Ошону менен акыркы 32 жылда кыргыз музыкасынын тарыхы жазылбай калды. Мунун баарын илимий мекемелер ишке ашырмак. Музыка таануучулардын саны көп болгону менен сапаты башкы маселе. Ушундай көйгөйлөрдөн улам Маданият министрлиги окуу жайларды дыкат карап чыгышы керек. Бир жерде 30-40 жыл отурган жетекчилер бар. Жаштар келсе, алар башкача, жаңыча ойлонот.
Бизде эң көп алмашканы – маданият министри. Эсептесем 15 жылдын ичинде 12 министр алмашкан. Кадр маселесинде туруктуулук керек. Анткени министр маданий мекемелердин абалын, тармакты жаңыдан таанып-билип баштаганда эле алып салышат. Министр консерваториянын көйгөйлөрүн билиши керек. Азыр дээрлик баарынын музыкалык аспаптарын жаңыртуу зарыл. Роялдын баары жарабай калган. Жакшылары миңдеген доллар турат. Ушундай чечкиндүү иштер жок. Эл артисти менен эмгек сиңирген артист наамын жөн эле таркатып салды. Жакында наамы жок музыкант калбай калат го деп турам. Азыр Маданияттын мыкты кызматкери наамын көчөдөгүлөрдүн баарына эле берип жатышат.
Музыканы пропагандалаган Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын концерттерин карасак айылдын клубундай эле болуп калды. Алып баруучулардын деңгээли бийик болушу шарт. Опера жана балет театры да концерттик залга айланып алды. Маданияттын бардык тармагында халтура көбөйдү. Оркестрде да ар бир добуш өзгөчөлөнүп чыгып турушу керек. Бизде музыканттар 3-4 оркестрде чуркап иштейт. Айлыгы аз, үй-бүлөсүн багуу керек. Ошол себептен музыка да халтурага айланды. Сапат жок.
Исполнитель Чубак Сатаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Чубак Сатаевге таланты апасынан оогон. Уулу Кубанычтын эскерүү маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0