29-августка карата аба ырайы

© AFP / JUAN MABROMATAЖалбырактардагы жамгыр тамчылары. Иллюстративдик сүрөт
Жалбырактардагы жамгыр тамчылары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
29-августка караган түнү Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарында үшүк жүрүшү ыктымал.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл чөлкөмүндө +18...+23 жана Нарын жергесинде +17...+22 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +26...+28, Ош калаасында +28...+30, Чолпон-Ата шаарында +18...+20 градуска жетет.
Суу баскан көчөдө адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Тажикстанда сел 13 кишинин өмүрүн алып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0