Үмүтүм чоң. Садыр Жапаров Чолпон-Атада президенттик "Акылман" лицейин ачты

© Фото / пресс-служба президента КРОткрытие президентского лицея для одаренных детей "Акылман" в Чолпон-Ате
Открытие президентского лицея для одаренных детей Акылман в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, сынак тапшырган 1200дөн ашуун баланын ичинен 75 окуучу кабыл алынды.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачып жатып айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө, окуу жай мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ экени айтылат. Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.
© Фото / пресс-служба президента КР

Өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат.

Өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. - Sputnik Кыргызстан
1/7

Өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачып жатып айтты.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачып жатып айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/7

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачып жатып айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Өлкө башчынын маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө, окуу жай мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ экени айтылат.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө, окуу жай мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ экени айтылат. - Sputnik Кыргызстан
3/7

Өлкө башчынын маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө, окуу жай мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ экени айтылат.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.

Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт. - Sputnik Кыргызстан
4/7

Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда.

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. - Sputnik Кыргызстан
5/7

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул кыргыз-англис лицейи болот.

Бул кыргыз-англис лицейи болот. - Sputnik Кыргызстан
6/7

Бул кыргыз-англис лицейи болот.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгилеп, өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты экенине токтолгон.

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгилеп, өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты экенине токтолгон. - Sputnik Кыргызстан
7/7

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгилеп, өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты экенине токтолгон.

1/7

Өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат.

2/7

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачып жатып айтты.

3/7

Өлкө башчынын маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө, окуу жай мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ экени айтылат.

4/7

Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.

5/7

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда.

6/7

Бул кыргыз-англис лицейи болот.

7/7

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгилеп, өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты экенине токтолгон.

"Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот. Бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. "Акылман" табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттары боюнча таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууну жана илимий, чыгармачылык потенциалын ачууну, ошондой эле алардын кесиптик билимин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кесиптик даярдыгын камсыз кылат", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгилеп, өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты экенине токтолгон.
Мамлекет башчысы чыгармачыл, интеллектуалдык, академиялык шык-жөндөмдүү балдарды ача билип, билим берүүнүн жаңыча жолуна түшүү мезгил талабы экенине көңүл бурду.
"Акылман" мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күнү-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген үмүтүм чоң. Кудай тилегибизди берип, "Акылман" лицейи ийгиликтүү иштеп баштаса, мындай билим уялары дагы кулачын жаят", — деди президент.
Лицейдин эмгек жамаатына кайрылып, Жапаров алардын ааламдашуу доорундагы ролун жана жоопкерчилигин белгиледи. Окутуучуларда өзгөчө ыкма, жаңыча мамиле менен бөтөнчө шыктуу балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, туура тарбия, терең билим берүү озуйпасы турат.
"Президенттик лицейдин ачылышы менен бүт республиканын көңүлү сиздердин мектепте, сиздердин иште, сиздер окуткан балдарда болот. Силер окуткан окуучулар бир лицейдин эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы болушу керек. Андыктан күнү-түнү изденип, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп, конкреттүү натыйжа чыгарасыздар деген ойдомун. Дүйнө агымына жараша "Акылман" лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайык деп турабыз. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин", — деди президент.
Мамлекет башчысы окуу класстарын, ашкананы, лабораторияларды, окуучулар жана мугалимдер жашай турган жатаканаларды көрүп чыкты. Ошондой эле мугалимдер жамааты жана окуучулар менен баарлашып, балдарды жакшы окууга жана кийинки жашоодо пайдалуу терең билим алууга умтулууга чакырды.
Техникалык колледждин студенти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Кесиптик лицейдин студенттери окуу менен катар маяна да алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0