Кайрадан аптаптуу ысык башталат. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБаласын жуунтуп аткан киши. Архивдик сүрөт
Баласын жуунтуп аткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Жазылуу
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү катуу ысып, андан кийин бир аз салкындайт.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада жаан жаабайт, күндүн табы 36 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй облусу

20-21-августта жаан-чачын күтүлбөйт. 22-25-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 26-августта айрым жерлерде өткүн өтөт.

Талас облусу

20-21-августта күн ачык болот, 22-августта тоолордо өткүн өтөт. 23-августта кайра күн ачылат, эртеси тоолордо өткүн өтөт. 25-августта асман ачык бойдон турса, 26сында айрым жерлерде өткүн өтөт.

Ош жана Жалал-Абад облустары

20-21-август күндөрү жаан жаабайт. Андан соң жуманын соңуна чейин тоолордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Баткен облусу

20-21-августта күн ачык болот, 22-августта тоолордо өткүн өтөт. 23-августта кайра күн ачылат, эртеси тоо этектеринде өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 25-августта асман ачык бойдон турса, 26сында айрым жерлерде өткүн өтөрү айтылды.

Ысык-Көл облусу

Аптанын башынан аягына чейин облустун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күн 29 градуска дейре жылыйт.

Нарын облусу

Теңир-Тоодо дагы күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп басылат. Катуу жаан болбойт. Абанын эң жогорку температурасы 28 градуска жетет.
Бишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0