Кыргызстандагы 2023/2024-окуу жылына карата мектеп каникулдарынын календары

Жазылуу
Кыргызстандагы 2023/2024-окуу жылына карата мектеп каникулдарынын календары. Sputnik агенттигинин инфографикасы Билим берүү министрлигинин маалыматтары боюнча түзүлдү.
2023/2024-окуу жылдарына карата мектеп каникулдарынын календары Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Окуу жылы 1-сентябрда башталат.
Күзгү каникулдар качан болот?
Күзгү каникулдар 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат. Окуу 13-ноябрда башталат.
Кышкы каникул качан болот?
Кышкы каникулда балдар 1-январдан 14-январга чейин эс алышат. Окуу 15-январда башталат.
Жазгы каникул качан башталат?
Жазгы каникул 21-мартта башталып 31инде бүтөт. Окуу 1-апрелде башталат.
Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе жазгы каникул бир жумага узартылат. Окуу жылы 25-майда соңуна чыгып, окуучулар каникулга тарайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0