Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Келечек үчүн билим берүү" долбоору 58 миң мугалимдин билимин жогорулатат

© Sputnik / Асель СыдыковаКоординатор по подготовке учителей отдела реализации проектов Всемирного банка при Минобрнауки Гулжан Мамытова
Координатор по подготовке учителей отдела реализации проектов Всемирного банка при Минобрнауки Гулжан Мамытова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн мугалимдерди окутуу боюнча координатору Гүлжан Мамытова педагогдордун санариптик сабаттуулугун жогорулатууга басым жасалып жатканын айтты.
Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен билим берүү жаатындагы масштабдуу долбоор мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу Гүлжан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Келечек үчүн билим берүү" долбоору 58 миң мугалимдин билимин жогорулатат
Анын айтымында, долбоордун алкагында педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү жаатында бир катар билим берүү тренингдери өткөрүлөт.
"Келечек үчүн билим берүү" долбоору мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган. Долбоордун максат жана милдеттери мамлекеттин билим берүү тармагындагы саясатына түздөн-түз байланыштуу жана 2018-2040-жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына шайкеш келет. "Келечек үчүн билим берүү" долбоору эки багыттан турат. Мында мектепке даярдыкты жана мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик технологиялар аркылуу окутууну колдоо жана билимди баалоонуу өркүндөтүү багыттары боюнча иш жүрөт. Биздин өлкө эки ирет (2006-жылы жана 2009-жылы) PISA эл аралык изилдөөсүнө катышкан. Тилекке каршы, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген. Эми 2025-жылы эл аралык билимди баалоо программасына катышабыз. Андыктан азыр мугалимдердин билимин жогорулатуу абдан маанилүү болуп турат. 2023-жылдын август айына карата Кыргызстан боюнча 1 200 пилоттук мектептин 4 200 мугалими кадимки жана онлайн режимде тренингден өтүштү. Долбоордун алкагында октябрь айында бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу пландалууда. Өлкө боюнча 700 бала бакчанын тарбиячылары "Балалык" мектепке чейинки өнүктүрүү программасы боюнча окутуудан өтөт. Башталгыч класстын жети миң мугалими коррекциялык окутуунун ыкмалары боюнча тренингден өтүшүүдө", — деди Мамытова.
Ал "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында беш жылдын аралыгында жалпы 58 миң мугалим үчүн түрдүү багыттар боюнча окутуу уюштуруларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0