Былтыр коомдук тамактануучу жайлардын жүгүртүүдөгү акчасы 25 млрд. сомдон ашты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКишилер кафенин ачык верандасында отурушат. Архив
Кишилер кафенин ачык верандасында отурушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандагы ресторандардын, барлардын жана башка тамак-аш менен камсыз кылуучу ишканалардын акча жүгүртүүсү 25 миллиард 614,2 миллион сомду түзгөнүн Статистика боюнча улуттук комитеттен билдирген.
Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 6,1 миллиард сомго көп. Статком акыркы беш жылдагы маалыматтарды жарыялаган (быйылкы жылды кошпогондо). Анда эң чоң көлөм 2022-жылы катталганын көрүүгө болот:
2018-жылы — 20 миллиард 555,6 миллион сом;
2019 — 22 миллиард 283,1 миллион;
2020 — 14 миллиард 864,2 миллион;
2021 — 19 миллиард 503,1 миллион;
2022 — 25 миллиард 614,2 миллион.
Таштанды терип иштеген жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Статком: Кыргызстанда ар бир үчүнчү жаран өтө жакыр жашайт
Жаңылыктар түрмөгү
0