13-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусун жайлоосунда боз үйлөр. Архив
Ысык-Көл облусун жайлоосунда боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
13-14-августта республикада аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
БИШКЕК, 12-Авг. — Sputnik. 13-август, жекшембиде, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы болжолдонду.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас өрөөнүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +26...+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +20...+25 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ош шаарында +29...+31, Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетет.
Бишкектин Токомбаев көчөсүнө көчөт отургузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Бишкекте быйыл бак-дарак өткөн жылга караганда 84%га көп отургузулду
Жаңылыктар түрмөгү
0