10-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Илья НаймушинӨсүмдүк жалбырактарында жамгыр тамчылары
Өсүмдүк жалбырактарында жамгыр тамчылары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
10-августка караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30, ал эми Нарын районунда +23...+28 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +32...+34, Ошто +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Ысык-Көлдүн дрондон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Пресс-борбор
Ысык-Көлдүн суусу тартылууда. Себептери
Жаңылыктар түрмөгү
0