Статком: Кыргызстанда ар бир үчүнчү жаран өтө жакыр жашайт

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштанды терип иштеген жарандар. Архивдик сүрөт
Таштанды терип иштеген жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам кедейчиликтин чегинен төмөн жашайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин 2022-жылга карата чыгарган отчетунда камтылган.
Ага ылайык, өлкөдө 2 миллион 244,3 миң адам өтө жакыр жашап жатканы аныкталган. Бул жалпы калктын 33,3 пайызын түзөт. Мындай категорияга кирген адамдардын саны 2021-жылы 1 миллион 678,3 миңди түзгөн. Статистика өтө кедей жашагандардын катары бир жылда эле 566 миң кыргызстандык менен толукталганын көрсөтүүдө.
2022-жылдын соңунда бир айлык жашоо минимуму адам башына 7 178 сомго жеткен.
Акылбек Жапаров: Кыргызстан жакыр өлкө синдромунан арылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Акылбек Жапаров: Кыргызстан жакыр өлкө синдромунан арылды
Жаңылыктар түрмөгү
0