Славян университеттеринин студенттери, мугалимдери окуудан өттү

© Фото / пресс-служба Минобрнауки РФСлавян университеттеринин студенттери, мугалимдери окуудан өттү
Славян университеттеринин студенттери, мугалимдери окуудан өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
Иш-чараны Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультети өнөктөшү болду.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген славян университеттеринин студенттери жана мугалимдери медиакоммуникациялар боюнча билим берүү курсун аякташты.
М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аймагында Кыргыз-Россия Славян университетинин, Россия-Тажик (Славян) университетинин, Россия-Армян университетинин жана Беларусь-Россия университетинин студенттери жана мугалимдери үчүн медиа-интенсив болуп өттү.
“Славян университеттери орус тилин жайылтуунун маанилүү борборлору, орус маданиятынын аралдары, өлкөнүн экономикасы үчүн жогорку профессионалдуу кадрларды чыгаруучу жер. Ал эми жайкы медиа-интенсивдин максаты — алардын маалымат мейкиндигинде болушун камсыз кылуу, бул университеттерди абитуриенттер жана потенциалдуу өнөктөштөр үчүн көрүнүктүү, жандуу жана кызыктуу кылуу. Славян университеттеринде жакшы медиакомандалар бар экенин билем. Ошондуктан тренингдин жүрүшүндө катышуучулардын бир гана жумуш боюнча эле эмес, достук байланыштар дагы бекемделет деп ишенем”, — деди Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин башчысынын орун басары Константин Могилевский.
Санарип журналистика, ЖОЖдордун медиакоммуникация стратегиясы, ар кандай маалыматтык платформаларда контентти жылдыруу жана социалдык тармактарда атайын долбоорлорду түзүү билим берүү программасынын негизги темалары болду. Курстун катышуучулары үчүн россиялык алдыңкы медиа-эксперттерден лекциялар жана мастер-класстар өткөрүлдү, ошондой эле Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин студенттик долбоорлору көрсөтүлдү: "НОС: наука, образование, студенчество" студенттик медиаагрегатору, россиялык жогорку окуу жайларынын чет элдик студенттери үчүн "Приключения иностранцев в РФ" телеграм-каналы жана Вектор Россия-Беларусь медиаплатформасы. Студенттер жана мугалимдер бул ресурстар менен кызматташууга чакырылды.
Мындан тышкары, интенсив курсунун катышуучулары “Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин редакциясында жана “Аргументы и факты” басмасында болуп, башкы редактордун орун басары Дарья Буравчикова менен баарлашып, ага ийгиликтүү интервью жана материалдарды түзүү үчүн эксклюзивдүү темаларды издөөнүн сырлары боюнча суроолорун узатышты.
“Чындыгында университеттердин жалпы тил маданияты, каада-салт, тарых менен бириктирилген ишинде байланыш түзүү зарыл жана маанилүү. Студенттер үчүн эң негизгиси — бири-бири менен таанышуу, өз ара кызматташуу жана, албетте, россиялык медиакоомчулугунун эксперттери менен байланыштын пайда болушу болду”, — дейт интенсивдик семинардын катышуучусу, Россия-Армян университетинин журналистика кафедрасынын башчысы Марина Алекян.
Катышуучулар ошондой эле Россиянын тарыхы жана маданияты менен тааныша алды, А. Чеховдун үй-музейине, В. Даль атындагы орус адабиятынын тарыхынын мамлекеттик музейине, Мамлекеттик тарых музейине барышты.
Программада өзүнчө орунду Заманбап биотехнологиялар борборуна - BIOTECH музейине болгон экскурсия ээледи. Бул жерде студенттер вакциналардын жаралышы, шаардык чарбалар, биореакторлор жана башка өндүрүштөгү жаңылыктар менен тааныша алды.
“Бардык лекциялар абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. Алынган билим келечектеги журналист катары бизге пайдалуу болот. Мындан тышкары, Москва укмуштуудай кооз шаар, жайкы медиа-интенсивдин аркасы менен биз көптөгөн тарыхый эстеликтер, музейлер менен тааныштык. Бизге баары жакты, уюштуруучуларга чоң рахмат”, — деди Кыргыз-Россия Славян университетинин студенти Анна Нестерова.
Иш-чараны Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультети өнөктөшү болду.
Чолпон Ата шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Борбор Азиянын жаштары Ысык-Көлдө өтчү форумга чогулат
Жаңылыктар түрмөгү
0