Паспорт жоготкон болсоңуз... Жаңысын жасатуунун жол-жобосу

© SputnikКыргызстандын жаранынын эл аралык паспорту жана ID-картасы. Архив
Кыргызстандын жаранынын эл аралык паспорту жана ID-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Паспорт жоготконуңузда жаңысын бир нече күндө кайра жасатып алууга болот. Sputnik Кыргызстан бул ирет маанилүү документти кайра жасатуунун жол-жобосун билип көрдү.
Санарип өнүктүрүү министрлиги жаран паспортун жоготкон учурда кайда кайрылып кандай аракет көрүшү керектигин түшүндүргөн маалыматтарды берди.

Кайда кайрылуу абзел?

Паспортту кайра жасатуу үчүн Калкты тейлөө борборуна же Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнө кайрылуу керек. Андан соң кызматкерлер "Табылгалар бюросу" даректик-сурап билүү тутуму аркылуу издеп көрүшөт. Издөө маалында жоголгон документтин табылган-табылбаганы көрүнөт. Табылып, бюрого тапшырылган болсо документ ээсине кайтарылат.
Мындан сырткары, мамлекеттик электрондук тейлөө порталында "Табылгалар бюросунан маалымат алуу" кызматы көрсөтүлөт. Ал жактан тийиштүү функцияны тандоо менен электрондук тапшырык жөнөтүп, жоголгон документ жөнүндө тактап алууга болот.
Эгер системада издөөдөн майнап чыкпаса, документти кайра жасатууга туура келет. Адатта өздүгүңүздү аныктаган карта 12 иш күнүндө, жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгууга уруксат берген) паспорт 18 күндө берилет.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие современного ЦОН в Баткене
Открытие современного ЦОН в Баткене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023

Кайсы документтер керектелет?

КР жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү паспортун (ID-картасын) кайра чыгаруу үчүн:
паспортту берүүгө электрондук анкета-арыз (борбордун кызматкери толтурат);
ПИН (жеке идентификациялык номер);
даректик-сурап билүү бюросунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунда арыз берүүчүнүн дареги катталышы;
электрондук сүрөт (ошол жерде тартылат);
төлөнгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (жеринде, кассада же онлайн).
1994 же 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор жоголсо, жогоруда көрсөтүлгөн документтердин тизмегине бул документтерди кошуу зарыл (КР Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтар камтылбаган учурда):
туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
нике тууралуу күбөлүк;
ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк;
жолдошу/жубайынын өлгөндүгү жөнүндөгү күбөлүк.
2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту кайра жасатуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
Электрондук анкета-арыз (кызматкер тарабынан толтурулат);
2004 же 2017-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту;
Даректик-сурап билүү бюросунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунда даректин катталышы;
электрондук сүрөт;
төлөнгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк.
16 жашка толо электердин жалпы жарандык паспортун кайра жасатуу үчүн төмөнкү маалыматтар керектелет:
туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
ата-эне же алардын бири (экинчиси жок болгон учурда), же мыйзамдуу өкүлү тарабынан чет өлкөгө чыгуучу паспортту алуунун себебин белгилөө менен толтурулуп, кол коюлган арыз;
ата-эне же алардын бири (экинчиси жок болгон учурда жалпы жарандык паспорт берүүгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу), же мыйзамдуу өкүлүнүн (калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтар катталбаган учурда) паспорттору керек.
Эгер ата-эненин бири чет өлкөлүк мамлекеттин жараны болсо, анын жазуу түрүндөгү 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспортту даярдоого макулдугу тапшырылышы шарт.
© Sputnik / Табылды КадырбековВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023

Паспортту кайра жасатуу акысы

КР жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү паспортун (ID-картасын, жоголгон же жараксыз болуп калган учурда) даярдоо мөөнөтү жана акысы:
12 иш күн — 821 сом;
8 күн — 1 838 сом;
4 күн — 2 346 сом;
2 күн — 2 729 сом;
3 саат — 6 667 сом.
2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтү жана акысы (баасы барагынын санына жараша — 34 же 50):
18 иш күн — 1 221/1 289 сом;
8 күн — 3 000/3 065 сом
4 күн — 3 116/3 181 сом;
2 күн — 3 522/3 590 сом;
3 саат — 8 756/8 821 сом.
Калкты каттоо департаменти чоочун адамдардын документтерин таап алган жарандарды Калкты тейлөө борборуна же аталган мекеменин аймактар аралык бөлүмүнө тапшырууга чакырат.
"Табылгалар бюросу" даректик-сурап билүү тутумунда паспорт гана эмес, нике тууралуу, пенсиялык күбөлүк, аттестат, диплом, эмгек китепчелери жана башка документтер боюнча да маалыматтарды табууга болот.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Радио
Электрондук социалдык паспорт эмне үчүн керек? Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0