Төө-Ашуудагы тоннель оңдолуп бүттү, 2-августта түштөн кийин чектөө алынат

© Фото / пресс-служба МЧС КРТөө-Ашуудагы тоннел. Архивдик сүрөт
Төө-Ашуудагы тоннел. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Жакында айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталат.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөлүп бүттү, эртең саат 16:00дөн кийин унаа кыймылына коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, 2-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Жакынкы күндөрү тоннелдин кире бериш жерлерин жана анын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталат. Бул учурда автоунаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.
Белгилей кетсек, Бишкек — Ош трассасындагы эң чоң тоннель оңдоо иштерине байланыштуу 26-августтан бери күнүнө 10 сааттан жабылып турган.
Сел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда сел жүрдү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0