2-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял ымыркайы менен борбор калаада. Архивдик сүрөт
Аял ымыркайы менен борбор калаада. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
2-августка караган түндө республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Шаршембиде күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +30...+35 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл чөлкөмүндө +27...+32 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош калаасында +36...+38, Чолпон-Ата шаарында +29...+31 градуска жетет.
Вид на аллею Молодежи в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Августта күн кандай болот? Бир айдын аба ырайына божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0