00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Экспедиции, наука, диалог: как работает "Большой Алтай" в Бишкеке
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Кто, как и зачем сдаёт кровь: инструкция по донорству в Кыргызстане
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акчаң жокпу? Садыр Жапаров Бажы кызматынын башчысын тилдеген видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров Бажы кызматынын башчысын тилдеген
Садыр Жапаров Бажы кызматынын башчысын тилдеген - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Президент "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайына барып, Мамлекеттик бажы кызматынын ошол жердеги ишин сынга алды.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдон Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков "Эркеч-Тамдагы" көйгөйлөр боюнча "буга чейин кирип, кайрылбагандыгы үчүн" тил укту.
Исабеков Ош облусундагы Кытай менен чектеш "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайындагы административдик имараттардын бири талапка жооп бербегендиктен реконструкциялоого муктаж экенин айткан.
Жапаров ошол жерде ага суроону капталынан коюп, тиешелүү шарт түзүшүнө эмне тоскоол болуп жаткандыгын билүүгө кызыккан.

"Ыңгайлуу шарт түзүп алганга эмне тоскоол болуп жатат, айтчы. Акчаң жокпу, реконструкция кылганга эмне тоскоол болуп жатат? 5-августка чейин сметаңды жазып алып, мага келесиң. Мен акча таап берем, 1-октябрга чейин бүтүрөсүң. Эки жыл болуптур иштегениңе, ошондон бери ушул сунушту киргизбей эмне кылып жүрөсүң? Ар бир жетекчи иштеп жаткан жериңерге шарт түзүп беришиңер керек... Мамлекетти багып жаткан жердин бири ушул жай да. "Ооба" дейсиң да (Исабеков президенттин сөзүнө улам "ооба" дей берди — ред.), анан эки жылдан бери отурасың", — деди ачууланган президент.

Эске салсак, Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн "Эркеч-Там" автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышкан. Мамлекет башчысына постто узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу май айынан бери жүрүп жатканын айтып, маалымат беришкен. Долбоордо узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнү салуу жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотуу камтылган.
Паспорт боюнча бул бекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил автокөлүктү түзөт. Бирок бүгүнкү күндө эки тарапка 300дөн ашык автоунаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, чек ара аймагында автотыгынга жана кезек күтүүгө себеп болууда. Модернизациялоо иштеринен кийин жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 автоунаага чейин жогорулатылары айтылды. Ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу техникалардан жол бошойт, анткени алар Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси аким Каныбек Адиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
С. Жапаров Түптүн акимине сөгүш берди, айыл өкмөттүн башчысы да четте калган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0