Кытайга каттам көбөйөт. Президент "Эркеч-Там" посту кандай кеңейтилерин көрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент "Эркеч-Там" посту кандай кеңейтилерин көрдү
Президент Эркеч-Там посту кандай кеңейтилерин көрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Чек арадан автоунааларды өткөрүү жөндөмдүлүгү алда канча жогорулап, көмүр ленталык конвейер аркылуу жеткирилери айтылды.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Эркеч-Там" автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул туурасында анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысына постто узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу май айынан бери жүрүп жатканын айтышкан. Долбоордо узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнү салуу жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотуу камтылган.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Эркеч-Там" автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Эркеч-Там" автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/4

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Эркеч-Там" автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

© Фото / пресс-служба президента КР

Мамлекет башчысына постто узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу май айынан бери жүрүп жатканын айтышкан

Мамлекет башчысына постто узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу май айынан бери жүрүп жатканын айтышкан - Sputnik Кыргызстан
2/4

Мамлекет башчысына постто узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу май айынан бери жүрүп жатканын айтышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Долбоордо узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнү салуу жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотуу камтылган

Долбоордо узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнү салуу жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотуу камтылган - Sputnik Кыргызстан
3/4

Долбоордо узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнү салуу жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотуу камтылган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Паспорт боюнча бул бекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил автокөлүктү түзөт

Паспорт боюнча бул бекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил автокөлүктү түзөт - Sputnik Кыргызстан
4/4

Паспорт боюнча бул бекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил автокөлүктү түзөт

1/4

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Эркеч-Там" автоунаа өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

2/4

Мамлекет башчысына постто узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу май айынан бери жүрүп жатканын айтышкан

3/4

Долбоордо узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнү салуу жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотуу камтылган

4/4

Паспорт боюнча бул бекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил автокөлүктү түзөт

"Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө пунктундагы жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет. Мында чек ара аркылуу жүк ташууну алда канча көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Буга байланыштуу президент үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин анын аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана "Эркеч-Там" пунктун бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берди. Бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде, Кыргызстандан Кытайга көмүр экспортунун көлөмү көбөйгөндө актуалдуу. Ал максаттарга кошумча каражат бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.
Паспорт боюнча бул бекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил автокөлүктөрдү түзөт. Бирок бүгүнкү күндө эки тарапка 300дөн ашык автоунаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, чек ара аймагында автотыгынга жана кезек күтүүгө себеп болууда. Модернизациялоо иштеринен кийин жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 автоунаага чейин жогорулатылары айтылды. Ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу техникалардан жол бошойт, анткени алар Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт.
Садыр Жапаров Оштогу стадиондун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Садыр Жапаров Оштогу стадиондун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Жаңылыктар түрмөгү
0