28-июлга карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЧүй облусунун тоолуу райондорунда чагылган. Архив
Чүй облусунун тоолуу райондорунда чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
28-июлга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жумада Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, ал эми Нарында +27...+32 градус ысыйт.
Бул күнү Бишкек менен Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө катамаранда эс алуучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Августта Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Бир айга божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0