https://sputnik.kg/20230724/kyz-kelinder-ishteshine-toskoolduktar-bar-1077267604.html
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт
Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкөдө кыз-келиндердин эмгек стажын топтошуна бир нече тоскоолдук бар экендигин айтты. 24.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-24T14:24+0600
2023-07-24T14:24+0600
2023-07-24T14:24+0600
радио
кыргызстан
акыйкатчы
кыз-келиндер
жамиля жаманбаева
https://sputnik.kg/img/07e7/07/13/1077170780_0:198:3067:1923_1920x0_80_0_0_46bc328a31ac11281743ce9543f6118f.jpg
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт
Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт
Кыргызстанда ЖОЖдорго тапшырып, жогорку билим алган кыз-келиндердин саны көп экендигине карабай, эмгек рыногуна келгенде кызматта иштеген аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу аз. 2022-жылдагы статистикага көз чаптырсак, өлкөдө мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин 75 пайызы эркектер. Бул тууралуу Жаманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Акыйкатчынын айтымында, республикада 25 жаштан 34 жаш куракка чейинки кыз-келиндердин 40 пайызы гана өз кесиби менен иштеп калышат."Кыргызстанда кыз-келиндердин иштеп, карьера жасап, эмгек стажын топтошуна бир топ тоскоолдуктар бар. Алсак, алган билимине жараша өз кесиби менен алектенген кызматкерлердин 75 пайызын эркектер түзөт экен. Ал эми 25 жаштан 34 жашка чейинки жаштарды алсак, окуп, билим алган кезде кыздардын саны басымдуу кылганына карабай иштеген аялдардын саны 40 пайызга жетпей калат. Буга биринчи себеп — элдин 80 пайызы аял киши үйдө отурушу керек деген түшүнүктө болушу. Экинчиден, албетте, үй-бүлөдө бала төрөлгөн соң аял киши жумушка чыга албай калат. Эгер катар-катар төрөсө, ошону менен иш тажрыйбасы жоктугунан өз кесибин улантып кете албайт. Ошондуктан учурда биздин институт Эмгек кодексине аялдардын бала багып үйдө отурган учурун эмгек стажы катары эсептөө боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анткени мындай көйгөйгө көбүнесе айыл жеринин тургундары туш болот экен. 2022-жылдын 1-майындагы статистика боюнча, жумушсуздук менен каттоодо турган адамдардын жалпы саны 44 миңден көп болсо, анын 29 миңден ашуунун элеттиктер түзгөн. Чынында көйгөй мындан да курч десек болот. Баары эле барып жумушсуздук боюнча каттоого тура беришпейт, экинчиден, жеке жактарда иштеп өлкөнүн экономикасына салымын кошуп жаткан аялдар көп. Бирок алардын көбү ишке расмий эмес катталып алышкандыктан бул өзүнчө маселе жаратат", — деди Жаманбаева.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/13/1077170780_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_fb879db6e682721571384796ef122660.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акыйкатчы, кыз-келиндер, жамиля жаманбаева, аудио
кыргызстан, акыйкатчы, кыз-келиндер, жамиля жаманбаева, аудио
Акыйкатчы: 25-34 жаштагы жогорку билимдүү кыз-келиндердин 40 пайызы гана иштейт
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкөдө кыз-келиндердин эмгек стажын топтошуна бир нече тоскоолдук бар экендигин айтты.
Кыргызстанда ЖОЖдорго тапшырып, жогорку билим алган кыз-келиндердин саны көп экендигине карабай, эмгек рыногуна келгенде кызматта иштеген аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу аз. 2022-жылдагы статистикага көз чаптырсак, өлкөдө мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин 75 пайызы эркектер. Бул тууралуу Жаманбаева
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акыйкатчынын айтымында, республикада 25 жаштан 34 жаш куракка чейинки кыз-келиндердин 40 пайызы гана өз кесиби менен иштеп калышат.
"Кыргызстанда кыз-келиндердин иштеп, карьера жасап, эмгек стажын топтошуна бир топ тоскоолдуктар бар. Алсак, алган билимине жараша өз кесиби менен алектенген кызматкерлердин 75 пайызын эркектер түзөт экен. Ал эми 25 жаштан 34 жашка чейинки жаштарды алсак, окуп, билим алган кезде кыздардын саны басымдуу кылганына карабай иштеген аялдардын саны 40 пайызга жетпей калат. Буга биринчи себеп — элдин 80 пайызы аял киши үйдө отурушу керек деген түшүнүктө болушу. Экинчиден, албетте, үй-бүлөдө бала төрөлгөн соң аял киши жумушка чыга албай калат. Эгер катар-катар төрөсө, ошону менен иш тажрыйбасы жоктугунан өз кесибин улантып кете албайт. Ошондуктан учурда биздин институт Эмгек кодексине аялдардын бала багып үйдө отурган учурун эмгек стажы катары эсептөө боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анткени мындай көйгөйгө көбүнесе айыл жеринин тургундары туш болот экен. 2022-жылдын 1-майындагы статистика боюнча, жумушсуздук менен каттоодо турган адамдардын жалпы саны 44 миңден көп болсо, анын 29 миңден ашуунун элеттиктер түзгөн. Чынында көйгөй мындан да курч десек болот. Баары эле барып жумушсуздук боюнча каттоого тура беришпейт, экинчиден, жеке жактарда иштеп өлкөнүн экономикасына салымын кошуп жаткан аялдар көп. Бирок алардын көбү ишке расмий эмес катталып алышкандыктан бул өзүнчө маселе жаратат", — деди Жаманбаева.