Адис мээге аяр мамиле жасап, ага кам көрүүнүн жолдорун айтып берди

© Photo / Pexels / Quốc BảoГитара кармаган кыз. Архивдик сүрөт
Гитара кармаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Жазылуу
Мээнин иштешин тышкы таасирлер, терс адаттар, стресс, депрессия, туура эмес тамактануу жана башка факторлор бузат.
БИШКЕК, 23-июл. – Sputnik. Нерв системасынын борбордук органы – мээнин саламаттыгына кам көрүү маанилүү. Ден соолукту чыңдоо борбору баш мээнин жабыркашына алып келген факторлорду атап, мээге кам көрүүнүн жолдорун тизмектеди.
Мээ сырткы таасирлерден тышкары, катуу стресс, депрессиядан, чылым чегип, алкоголдук ичимдиктерди ичкенден, туура эмес тамактануудан да жабыркашы мүмкүн.
Мээ чың болушу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:
зыяндуу адаттардан баш тартуу (чылым чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн);
уйкуну кандыруу жана жакшылап эс алуу (адам суткасына сегиз сааттан кем эмес укташы керек);
туура тамактануу. Нейрогенез адегенде эле адам жеген тамак-аштарга жараша иштейт. Мисалы, оор тамак-аштар же сиңирүү кыйын болгон майлуу азыктар, алдын ала жарым-жартылай даярдалган тамактар бул процессти жайлатат;
кыймыл көп болушу керек. Жөө басуу, таза абада сейилдөө, туруктуу спорттук көнүгүүлөр мээнин жакшы иштешин шарттайт. Ар бир активдүү кыймыл кандагы кычкылтектин жетиштүүлүгүн шарттайт. Мындай абал мээге кандын жүгүрүүсүн жөндөп, эндорфин жана кубаныч гормондорунун бөлүнүшүнө алып келет. Бул жагдай адамдын нерв системасын чыңдап, стресстен жеңил чыгууга өбөлгө түзөт;
мээни түрдүү табышмактарды таап, сканворддорду толтуруп, ой жүгүртүүгө түрткөн оюндар аркылуу да туруктуу машыктырып туруу сунушталат;
интеллекти жогору адамдар менен баарлашуу;
акылды иштетүү, башкача айтканда, мээнин иштешин стимулдаштыруу керек. Буга китеп окуу, чет тилдерин үйрөнүү, оюн ойноп, музыкалык аспаптарда ойногонду өздөштүрүү, баш катырмаларды толтуруу жана башкалар кирет.
медитация. Бул стресс менен күрөшүүгө үйрөтөт.
Фитнес залдары кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Арыктоо мээнин картаюусун кеминде 9 айга жайлатат
Жаңылыктар түрмөгү
0