Ботаникалык бакты жакшыртуу үчүн каржылоо толук болбой жатат. Маек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак. Архив
Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
Акыркы кезде Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын кейиштүү абалы боюнча маселе арбын көтөрүлүүдө. Мындай уникалдуу жайды сактап калуу, ага кам көрүү боюнча иштер чеке жылытарлык болбой жатканы тынчсыздандырат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаевага бир нече соболдорду узатып, маселенин күңгөйү менен тескейин билгенге аракет кылды.
— Ботаникалык бактын учурдагы абалы кандай?
— Акыркы беш жылдан бери ар кандай окуялар Ботаникалык бактын башынан да өтүп келе жатат. Акча бөлүнөрү айтылганы менен толук кандуу каржылоо жок. Мамлекеттик мекеме болгондон кийин колдоого муктажбыз. Жазында президент баш болгон бийлик өкүлдөрү келип маселебизди угуп, Ботаникалык бак илим изилдөө институту катары Улуттук илимдер академиясынын курамында калары чечилди. Оңдоо иштерин Максим Горький көчөсү тараптагы бакчанын декоративдик аймагынан баштаарын убадалашкан. Азыр тазалоо иштери жасалууда. Интерьер, дизайны да түшкөн.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЭнвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева
Исполняющая обязанности директора НИИ Ботанический сад им. Э. Гареева Гулайым Донбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева
— Жогорку Кеңештин токтому чыкса да ушуга чейин бакчаны оңдоого акча бөлүнө элек экен. Ага түшүндүрмө берилдиби?
— 2022-жылды Баткен окуяларына байланыштуу каржылык тартыштык катары түшүндүрүштү. Бирок 2023-жылга карата эч кандай түшүндүрмө болгон жок. Былтыр өз күчүбүз менен бир экскаватор алганбыз. Анын жардамы менен бактын ичинде бир топ тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бюджеттин долбоорун 2022-жылы эле тапшырганбыз. Бирок, тилекке каршы, быйылкы жылга да бекиткен жок.
— Негизи жалпы оңдоп-түзөөгө канча каражат керектелет?
— Иса Ахунбаев атындагы көчөгө ирригациялык система жалпысынан 115 миллион сомду түзгөн. Ошону кошуп 2022-жылы бюджеттен 152 миллион сом сураганбыз. Тилекке каршы, 25 миллион сом гана бекитип берди. Биз сураган сумманын ичинде кошумча 24 штаттык жумуш орду да камтылган. Бүгүн бизде 68 киши эмгектенет. Дагы 10 жумушчу, 15 кароолчу жана айдоочу, электрик, сантехник керек. Бирок бул жагынан да колдоо таппай жатабыз. Учурда булардын иштерин илимий кызматкерлер аткарууда. Ишембиликке чыгабыз. Акыркы учурда Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери да жардамга келишүүдө. Биздин мекеме эки багыттуу иш алып барат. Биринчиден, илимий иштерди жүргүзсөк, экинчиден, ошол илимий ишти негиздей турган чарбалык мекеме катары эмгектенебиз. Өсүмдүктөрдүн биоартүрдүүлүгүн ботаникалык бакка алып келип өстүрүп, аны коомчулукка көрсөтүү да мойнубузда.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР посетил Ботсад имени Э. Гареева
Президент КР посетил Ботсад имени Э. Гареева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
— Ботаникалык бакта акыркы жылдары ири өрт көп катталды. Анын себеби эмнеде?
— Кургакчылыктан чөп кургап кооптуулук жаралса эле өрт алып кетип жатат. 2021-жылдагы чоң кырсыктан улам тосулуп турган питомниктин ичи өрттөнүп, тажрыйбага алынган алманын, алмуруттун көчөттөрү күйүп кетти. 2022-жылдагы өрттө ийне жалбырактуу дарактардын түбү күйгөн. Өрттөө көбү адамдын колу менен жасалууда. Бардык жерде тамеки чегүүгө жана өрткө кооптуу иштерге тыюу салынган белгилер коюлган. Ал белгилерди сындырып, бетин боёп кетишет.
Биз быйыл түптөлгөнүбүзгө 85 жыл толду. Ботаникалык бак кыргызстандыктардын байлыгы, буга мындай мамиле кылуу жарабайт. Өрт чыккан кезде чуркап өчүрүп жүрсөк, эс алуучулар телефонго тартып жүрүшөт. Өрт коопсуздугун сактоо үчүн бакты коргоого алуу керек. Ал да толук ишке ашпай жатат. Аскерлер келип карап, кайтарып, коргоп берсе чоң көмөк болор эле.
— Жалпы аянты канча?
— Бишкек шаарында 170 гектарды түзөт. Максим Горький көчөсүндө 20 гектар жана ал жакта эки лаборатория бар. Ал эми Ахунбаев көчөсүндө 150 гектарды ээлейт. Бактын жерине кызыгып атайын өрттөп кетишерин угуп, байкап калабыз. Президент келгенде да бул тууралуу сөз болду. Анын үстүнө Ботаникалык бактын тегерегине үйлөр салынып кетти. Башка мамлекеттердин Ботаникалык багына жасаган мамилеси менен салыштырганда биздики абдан аянычтуу. Ботаникалык бакта шаарда жашабаган канаттуулар бар. Атайын фотоальбом да чыгарып койдук. Быйыл ботаникалык бактагы курт-кумурскаларды изилдөө үчүн Россиядан окумуштуу келди. Ушул шаарга, илимге, жаратылышка пайдасы чоң ажайып жерди аздектей албай жатабыз.
© Фото / пресс-служба президента КРПрезидент КР посетил Ботсад имени Э. Гареева
Президент КР посетил Ботсад имени Э. Гареева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
— Эгер абал ушундай улана берсе эмнени жоготуп алабыз?
— Ботаникалык бак Кыргызстандагы жападан жалгыз илимий мекеме. Бүгүнкү күндө 45 мамлекеттин 224 Ботаникалык багы менен кызматташабыз. Беш эл аралык уюмга мүчөбүз. Абалды жакшыртпасак ошол уюмдардан жана өсүмдүктөрдүн биоактивдүүлүгүн сактоо боюнча глобалдык стратегиянын аткаруу программасынан чыгып калабыз. Ботаникалык бак — зоологдорго, биологдорго, ботаниктерге жана келечек үчүн керек. Шаарда бак-дарактар болбосо адам баласынын ден соолугуна өтө көп зыян болот. Шаар менен айылдын экологиялык көрсөткүчтөрү эки башка. Бизде экологиялык көйгөй биринчи орунда турат.
— Ботаникалык бактын потенциалы менен кандай иштерди жасаса болот?
— Ботаникалык бак борбор калаанын муниципалитети менен тыгыз иш алып барууда. Соңку убакта Бишкекте сугат суу тартыш болуп, ыш каптоодо. Мындан тышкары, таштанды полигондун өртү өчүрүлүп, анын ордуна өсүмдүк өстүрүү мерчемделип жатат. Ошого байланыштуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасы ылайыктуу өсүмдүктөрдүн тизмесин сурагандыктан бергенбиз. Ботаникалык бактын потенциалы, мүмкүнчүлүгү жогору. Аны жакшыртуу боюнча бардык пландар иштелип, документтери даярдалган. Тийиштүү каражат бөлүнүп, жетишсиз болуп жаткан кызматкерлерге штат ачылса акырындан пландарды ишке ашыра баштайбыз. Жакында эле министрлер кабинетинен бардык мекемелер илимий ачылыштарды, жетишкендиктерди пайдаланышы керектигин белгилеген документ келип түштү. Бул — жакшы жышаан. Анткени мамлекет канчалык деңгээлде илимди колдосо, өлкөнүн потенциалы ошончолук жогору болот. Илимге канчалык талап күч болсо, өнүгүү дагы ошончолук ыкчам болот.
Жогорку аттестациялык комиссиянын коомдук-гуманитардык, табигый, математика жана техника илимдерин аттестациялоо бѳлүмүнүн башчысы Токтобүбү Баястанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Болон системасындабыз, бирок анда биздин окумуштуулук даражалар каралган эмес. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0