Жылмайган тагдыр: үч ай океанда ити менен калып калган киши куткарылды. Видео

© Sputnik / Александр ПирагисТынч океан жээги. Архив
Тынч океан жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Окумуштуу журналисттерге мухитте калган киши кантип жашоо үчүн күрөшкөнүн айтып берген.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Австралиялык яхтачы Тим Шэддок ити менен Тынч океанда үч ай тамак-ашы, суусу жок жашап, аман калганын РИА Новости жазды.
Ал киши ити Белла менен катамаранга түшүп бейкапар Мексикадан Франциянын Полинезиясына багыт алган. Толкунга кабылган Шэддок байланыш каражаттарынан, камдап алган азыктарынан кол жууп, андан кийин какаганга муштаган болуп, Тынч океандын мейкиндигине чыгып калган. Ал мухитте ити менен чийки балык жеп, жаандын суусун ичип жан сактаган.
Океанда калкып жүргөн "чекитти" балык уулаган траулердин экипажы капыстан байкап калган. Тунец издеп чыккандарды ташыган тик учактын пилоту бир шамалдан жедеп эскирген, парустуу катамаранды көзү чалган. Аралык өтө алыс болгондуктан чекиттей көрүнүп, андан соң жакындап келгенде тирүү жан экендиктерин көрүшкөн. Маалыматта ал суднолор каттаган маршруттан бир топ алыс аймак экени айтылган.
"Эбегейсиз чоң Тынч океандан мындай кичинекей кайыкты кездештирүү — боо чөптүн арасынан ийне тапкандай эле көрүнүш болду", — деп журналисттерге айтып берген австралиялык университеттердин биринин профессору, океанда жашап кетүү боюнча адистердин бири Майк Типтон.
Бул кубанычтуу окуяны оңдой берди болгон учур менен деңизге чыгып жүрүп топтолгон тажрыйбанын айкалышынан улам болгон окуя деп эсептерин билдирген.
"Маселен, Шэддок азганактай суу менен тропикалык климатта күн нурунан алыс болуп, көп тердебегенге аракет кылуу керектигин билген. Анын үстүнө өтө катаал эмес сезонго туш келип калганы анын бактысы болгон", — деген окумуштуу.
Профессордун пикиринде, Шэддоктун аман калышына анын жалгыз эмес, ити менен болушу да таасир эткен.
"Иттин жанында жүрүшү да жакшы жардам берген. Тирүү калыш үчүн негизи оң эмоциялар, көңүлгө кандайдыр бир жылуулук тартуулаган учурлар керек. Мындай нерсени ал кишиге ити Белла тартуулап турган. Анын үстүнө жанындагы жандыктын жана өзүнүн өмүрү үчүн жоопкерчилик сезим аны кадимкидей чыйралтып турган", — деген Типтон.
Учурда керемет окуя болуп аман калган Шэддок менен анын ити Белла экөөнүн өмүрүн сактап калган траулердин бортуна жайгашып, Мексика жээгине сапар алганы айтылды.
 Колумбияда кулаган самолеттун ичинде калган төрт жүргүнчү баланы 40 күндөн кийин тирүү табышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Колумбиянын токоюна кулаган учакта аман калган 4 бала 40 күндөн кийин табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0