Чет элдиктерди каттоо, КР жарандыгын берүү ставкасы 10 эсе көтөрүлөт. Долбоор

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын паспорту. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Чет элдиктер үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ставкасы 19 жылдан бери өзгөртүлбөгөнү айтылды.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Чет элдиктерди каттоого алуу жана Кыргызстандын жарандыгын берүү үчүн мамлекеттик алымдардын ставкасын 10 эсеге көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Долбоордун максаты — республикалык бюджеттин киреше булагын көбөйтүү жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү. Эгер демилге ишке ашса, бир жылда мамлекетке кошумча дагы 700 миллион сом түшөрү белгиленген.
Чет элдик жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн сунушталган тарифтер төмөнкүдөй:
Туруктуу жашап турууга уруксат берүү — 10 миң сом (учурда 2 500 сом);
Туруктуу жашап турган мөөнөттү узартуу, ошондой эле мурда берилген документи жоголуп же жараксыз болуп калса калыбына келтирүү — 1000 сом (учурда 200 сом);
Чет элдиктердин каттоого турушу жана каттоонун мөөнөтүн узартуу — 1000 сом (учурда 100 сом);
Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берүү, КР жарандыгын калыбына келтирүү жана атуулдуктан чыгуу үчүн арыз берүү — 1000 сом (учурда 100 сом);
КР жарандыгына кабыл алуу (этникалык кыргыздарды кошпогондо) жана чыгаруу — 10 миң сом (учурда 2000 сом);
Чек аралаш аймакка кирүүгө уруксат берүү КР жарандарына 100 сом (учурда 50), чет элдиктерге 1500 сом (учурда 250 сом);
Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылы жогорудагыдай кызмат көрсөтүүлөр үчүн бюджетке 73,4 миллион сом түшкөн. Тарифтер көтөрүлгөндөн кийин сумма 10 эсеге көбөйүп, 786,7 миллион сом чогулат.
"Демилгеленип жаткан долбоор туристтерди өлкөгө тартууга терс таасирин тийгизбейт. Анткени сунушталган мамлекеттик алымдардын ставкасы азыркы рынокту эске алганда өтө кымбат (жогорку) эмес. Себеби Кыргызстанда жана дүйнөдө товарларга, башка кызматтарга баалар өсүп жатат. Ал эми бизде чет элдиктерди кабыл алуудагы ставкалар 1994-жылдан бери өзгөргөн эмес", — деп жазылат маалыматтык негиздемеде.
Коңшу Өзбекстанда жарандык алуу жана чыгуу үчүн мамлекеттик алымдын ставкасы 15 миң сом экени, ал эми Казакстанда атуулдук алуу 7000, жарандыктан чыгуу 14 миң сом болору белгиленген.
Калкты тейлөө борборунун тиркемеси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Пресс-борбор
Калкты тейлөө борборлоруна чет элдиктерди онлайн каттоо функциясы киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0