Бишкектеги парктарда соода кыла турган жайларды ижарага алууга болот. Чоо-жайы

© Sputnik / Владислав НогайБишкектеги Панфилов атындагы паркта балдар. Архив
Бишкектеги Панфилов атындагы паркта балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Жазылуу
Муниципалдык мүлк боюнча комиссия бааларды аныктап, арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн жана тартибин бекитмекчи.
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Борбор калаадагы жети сейил бакта соода жайларын ижарага алууга болорун Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти эскертти.
Комиссиянын чечими менен төмөнкү сейил бактардан соода объектилери үчүн орундар берилет:
Ашыралы Боталиев багы;
Чолпонбай Түлөбердиев багы;
Жаштар паркы;
Юлиус Фучик паркы;
Кайың токою;
Жаңгак токою;
Кара жыгач токою.
Мындан тышкары, Ынтымак-1, Ата Түрк, Адинай жана Дайыр Асанов атындагы сейил бактарынан да алууга болот.
Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы парктарда ижара үчүн орундардын жайгашуу план-схемасын, ошондой эле баасын аныктап, арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрүн жана тартибин бекитмекчи.
Аталган жайларда сатууга уруксат кылынган продукциялар:
балмуздак;
суусундуктар;
жүгөрү;
таттуу пахта;
попкорн;
балдар оюнчуктары;
Ижарага бериле тургандар:
велосипед;
самокат;
балдар паравозу;
балдар үчүн машиналар;
башка жабдуулар:
кубат өлчөгүч;
балдар батуту;
балдар аянтчасы;
балдар кыдыруучу аттракциондор.
Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 17:00гө чейин Сүймөнкул Чокморов көчөсү, 246, 24-кабинетте кабыл алынат.
 Бишкектеги эски аэропорттун аймагында заманбап сквер пайда болот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Бишкекте эски аэропорттун аймагында өзгөчө сквер пайда болот. Эскиз
Жаңылыктар түрмөгү
0