Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Вильнюстагы НАТО саммити: Украинаны кабыл алуу туурасында сөз да жок

© AFP / LUDOVIC MARINУкраинанын президенти Владимир Зеленский Вильнюстагы НАТОнун саммитинде маалымат жыйыны учурунда. Архивдик сүрөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский Вильнюстагы НАТОнун саммитинде маалымат жыйыны учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Россиялык аскердик операция аяктаганда Украинанын НАТОго кабыл алуу ыктымалдыгы барган сайын азаюуда. Согуштан кийинки дүйнөнүн шартын дайым жеңүүчү коёрун белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
Вильнюста 11-12-июль күндөрү өткөн Түндүк атлантикалык альянстын саммити катаал чындыкты ачыктап койду. Украина эч качан НАТОго мүчө болбойт, себеби андай "кеңейүү" Кошмо Штаттарга чоң коркунуч туудурат.
Украинанын НАТОдогу болочогу башынан эле Вильнюстагы саммиттин негизги темасы болору болжонгон, бирок күтүлгөндөй болгон жок. 11-июлдагы билдирүүдө так бир мөөнөт, шарттары айтылган эмес.
Киев да өз келечеги тууралуу "так эмес" билдирүүлөргө нааразы. Ага жан тарткан Британия, Германия, Франция жана башкалар Куралдуу күчтөрү үчүн ракета жана ок өткөрбөс техника жөнөтүү менен Украинаны жооткотууга тырышууда. НАТОнун бир топ жылдан бери уланып келе жаткан Украинага жардам программасы "акыркы украиналык калганча..." деген согуш стратегиясындай элес калтырат.
АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди: "Шейит кеткен жоокерлердин саны Украина Куралдуу күчтөрүнө Россияны жеңүү жөнүндө ойлоого да жол бербейт", — деди. Россиялык атайын аскердик операция аяктаган соң Украинанын НАТОго мүчө болору күмөн. Анткени согуштан кийинки дүйнөдө шарттарды жеңүүчү коёт (Vae victis).
Батыштын пропагандасы адамдарга геосаясаттын кылдаттыктарын ачык эле түшүндүрүп, Украинанын НАТОго кабыл алынышы иш жүзүндө Россия менен согушту кепилдейт. Тобокелдиктерди талдаганда кызыкчылыктар шоона эшпей калары бышык, Америка менен Европага согуштун кереги жок.
The American Conservative журналы: "Күчү же чабалдыгына карабастан Украина өзөктүк согушту актагыдай стратегиялык олжо эмес. Европага ээ болуу же күчтөрдүн атлантикалык тең салмактуулугунун бузулушу Бахмутту же Крымды ким көзөмөлдөгөнүнөн көз каранды эмес. Ал эми акыл-эси жайындагы адамдар Мариуполь үчүн Массачусетсти жапырт нурланта тургандай тобокелдикке барбайт", — деп жазды. Ага Politico басылмасы: "АКШ Украинага коопсуздук камсыздоого милдеттүү эмес, ага кепилдик да бере албайт", — деп кошумчалады. Америкалык Foreign Affairs журналы: "Альянсты кеңейтүүнүн чыгашасы пайдасынан ашат... НАТО Украинага эшигин жапчу убагы келди", — деп белгиледи.
Кремль Батыш тарабынан талкууланып жаткан НАТО тышындагы Украинанын коопсуздук кепилдиктери "Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурарын" билдирди. Альянстын Украинадагы жаңжалынын соңу туурасында бирдиктүү позициясы жок. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг коопсуздук кепилдиктеринен да курал менен жабдуу маанилүү деп эсептеп, Украинадагы тынчтыкка карай жолду ушундай гана көрөт.
Пекиндеги Кытай парламентинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
"Атайылап жаманатты кылууда". Кытай АКШны күнөөлөдү
Ушундай эле багыттагы Париж да Украина Куралдуу күчтөрүнө SCALP-EG канаттуу ракеталарын берсе, АКШ ATACMS ракеталарын камдоодо. Эки система тең 300 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган. Америкалык кассеталык ок-дарылар да жөнөтүлмөкчү. НАТОнун Вильнюстагы саммитинин жыйынтыктары жана украиналык согуштук аракеттер театрындагы ракеталык-кассеталык эскалациянын кезектеги эпкини АКШнын европалык союздаштарынын коопсуздугу да Украинаныкындай эле кепилденбегенин айгинелейт.
Прокси согуш барган сайын ыраактап, ага карата Россия Куралдуу күчтөрүнүн реакциясы да коркунучтун деңгээлине жараша. Анткен менен америкалык Abrams танктары же F-16 истребителдери атайын аскердик операциянын жүрүшүн өзгөртө албайт.
Жамааттык Батыш Украинанын коопсуздугу же кол куурчагына айланган киевдик режимдин бакубаттыгына кайдыгер, себеби азыр АКШ менен НАТОнун тагдыры чечиле турган абал. Өз өзгөчөлүгү жана дүйнөлүк үстөмдүгүн кармап калуу үчүн Ак үй америкалык коом менен европалык союздаштарын Россияга каршы бардык чараларга даярдап турган чагы. Анткен менен эгемен, телегейи тегиз, ракеталык-өзөктүк Россияга карата жек көрүү сезими Батыштын РФтин Куралдуу күчтөрү менен согушка болгон технологиялык камылгасынан да күч.
Римдеги IL Fatto Quotidiano басылмасы Вашингтон "желдеттеринин" жана союздаштарынын бүт ресурстарын пайдалануу менен америкалык империянын кыйрашын кечеңдетүүгө умтуларын белгилейт. Европа үчүн Россия менен (кийин Кытай) салгылаштын кооптуулугу ошондон... Россия менен прокси согуштун, Украина үчүн Чоң жетиликтин "коопсуздук концепциясынын" тымызын жактарынын негизгиси да ушул болсо керек.
АКШнын жетеги менен Түндүк атлантикалык альянс ондогон жылдар бою согуш отун улам ар кай жерде, ал түгүл Атлантикадан ыраак өлкөлөрдө тутантып келет. Украинада америкалыктар тарабынан түзүлгөн кырдаалда да жаңы эч нерсе жок, бирок Россия менен жаңжалда жазасыз калбай турганы анык.
Пентагон менен НАТОнун арсеналдарынын азайышы, АКШнын аскер-өнөр жай базасынын бөксөрүшү америкалыктарды чындап эле кооптондура турган коңгуроо, анан да бул акыркы эмес... Украинанын "согуштан кийинки мүчөлүгү" жөнүндөгү куру кыялдардан арылууга мезгил жетти. Украинанын келечеги НАТОдо эмес, анткени бул альянстын болочогу жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
РФ элчиси НАТО конфронтацияга умтулуусун көрсөткөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0