Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киев НАТОну туңгуюкка кептеп койду. Ой толгоо

© AFP / PETRAS MALUKASСаммит НАТО в Вильнюсе
Саммит НАТО в Вильнюсе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
"Украинаны НАТОго кантип кабыл алуу зарыл?" деген операция өз маскарапоздорунун кайталанма оюнунан жадаган циркти элестетчү болду. Аткаруучулардын гана аты-жөнү улам алмашпаса, негизи андай максат ишке ашары арсар.
Елена Караева
Ага чакырыктар да, долулук да, опузалоо да көмөкчү боло албайт. Анан да бундестагда жаңырган "Украинаны Түндүк атлантикалык союзга бөлүп-бөлүп, даярдыгына жараша кабылдоо" жөнүндөгү сунуш өтө өзгөчө болду окшойт деп боолголойт серепчи Елена Караева. Автордун макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Швеция да Вильнюстагы саммитте НАТОго кирбейт. Альянска мүчө-мамлекеттердин башчылары жана өкмөт жетекчилеринин кезигүүсү ушундай башаламандык менен башталат өңдүү. НАТО түптөлгөндөн бери анын Үлкөн Россияны жок кылуу ниети өзгөргөн жок. СССРдин тушунда да, Совет ыдырагандан кийин да... Болгону 1991-жылдан кийин аны толук саясий жана аскердик көзөмөлгө алууга гана каниет кылган. Россия — НАТО кеңеши да дал ошол көзөмөл үчүн, натолук инспекциялар тарабынан россиялык базаларга байкоо, ошондой эле РФтин армиялык бюджетине (жөнөкөй бюджетине) да көз салуу үчүн түзүлгөн.
Баеолук менен Россия аталган альянс катарына алууга даяр экенине ишенген. Бирок 1999-жылы андай ишенич өчүп, РФ бийлиги эки миңинчи жылдардын башында андай оюндардан оолак болуп, аскердик курулушка басым жасай баштаган.
Эч кимдин кабак-кашына, эскертүүлөрүнө карабай курал-жарагын өз каражатына чыгара баштаган. Албетте, бул брюсселдик жана вашингтондук тескөөчүлөргө жаккан жок. Алар грузиялык карта жагынан жиреп, россиялык түштүк канатын кыркууга тырышты. Бирок ошол "цивилдүү дүйнө" Россия саясий жактан өз алдынча экенин, ири держава макамын кайра калыптандыра алганын моюнга алгысы келбейт эмеспи. Ошондуктан Грузиядагы аракетинен майнап чыкпай калгандан алты жылдан кийин украиналык картасын колго алган.
НАТО "курал чыгарууну тезинен жөнгө салуу керектигин" (дээрлик сырьенун баары үчүнчү өлкөлөрдөн алынган шартта) кайталап турганда россиялык профилдик өнөр жай атайын аскердик операциянын планына ылайык жана зарыл көлөмдө курал чыгарууда. Ресурстары, өнөр жайы, энергетикасы менен каалаган индустриянын керектөөсүн каалагандай канааттандыра ала турган Украина да ушундай эле деңгээлге жете алмак. Бирок өзүнүн өнүгүү жолу жана Россия менен ынтымак-ырашкерликте болуунун ордуна куру кыялга алдырбадыбы...
Башталарына аз калган саммитинде да НАТО Россия жөнүндөгү пикирлерин кайталап, Украинаны бооруна кысат.
НАТнНун башкы катчысы Йенс Столтенберг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг Украинанын НАТОго кирүү процессин кыскартууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0