Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Financial Times: НАТО Киевди болушунча колдой турганын жар салат

© AP Photo / Olivier MatthysПротоколдун мүчөсү НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында Украинанын желегин орнотуп жатат. Архив
Протоколдун мүчөсү НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында Украинанын желегин орнотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Украинанын альянстын стандарттарына жетишине жардам кыла турган макулдашуу иштелип чыгарын айтышты.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. НАТОнун мүчөлөрү Киевди колдой турган көп тармактуу структура түзүү боюнча масштабдуу макулдашуу ниетин жарыялоого камданып турат. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times басылмасына шилтеме кылып жазды.
"Улуу Британия, Франция, Германия, АКШ жана башка союздаштар Вильнюстагы саммитте макулдашуу туурасында жарыялашы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын билдиргенине караганда, альянс мүчөлөрү Украинага аскердик жана финансылык жардам көрсөтүү боюнча эки тараптуу милдеттенме алышы мүмкүн. Атын атагысы келбеген эки дипломат гезитке аталган уюм Украинанын альянстын стандарттарына жетиши үчүн чараларды көрөрүн айтып берген. Ал коррупция менен күрөшүү, курал-жарак программасын өнүктүрүү, административдик бир катар маселелерди жана башка суроолорду чечүүгө тиешелүү.
Саммитте украиналык пилотторду F-16 истребителдерин айдоого үйрөтүү башталганын жар салууну пландап жатканы айтылды. Блоктун ичинде Киев режими үчүн коопсуздук кепилдигине жетишүү процессинде пикирлердин келишпестиги жаралышы мүмкүндүгүн белгилешкен. Биргелешкен билдирүүнүн тексти азырынча иштелип чыга элек. Макалада "кыязы, аны иш-чаранын учурунда иштеп чыгышса керек" деп жазылган.
Украина бийлиги НАТОго тездетилген тартипте кирүүнү талап кылып жатат. Киев саммитте каралган башка чечимдерге макул эместигин бир нече билдирген. Анткен менен альянс мүчөлөрүнүн ичинде "согуш оту күйүп жаткан кезде" Украинанын катарына кабыл алуу боюнча консенсус жок. Мындай кадам алар үчүн Россия менен чатакташуунун башталышы дегенди билдирет.
Москвадан Киев режиминин альянска кирүүгө баш коюшу атайын операциянын башталышынын себептеринин бири экендигин, учурда кырдаалга дыкаттык менен көз салып тургандыктарын айткан.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Украинадагы согушту беш мүнөттө токтотуп коюу ыкмасын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0