Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Элчилик: АКШ Украинадагы кылмыштарын мойнуна алды

© AFP / MANDEL NGANРоссиянын Вашингтондогу элчилиги. Архив
Россиянын Вашингтондогу элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Аткаминер Кошмо Штаттардын Украина чатагында жасаган согуштук кылмыштарын де-факто мойнуна алганын белгилеген.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. АКШ Киевге чачырама бомбаларды жөнөтүүгө макул болгонун айтуу менен Украинадагы согуштук кылмыштарды жасаганын мойнуна алып койду. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчилигинен билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешиндеги стратегиялык коммуникациялардын координатору Жон Кирби ABC News телеканалына маек берген. Ал АКШ президенти Жозеф Байдендин Вашингтондун Украина армиясына жетишсиз болгон ок-дарыларды зарылдык жаралганы үчүн "компенсация" катары бергенин актоого аракет кылган.
"АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешиндеги стратегиялык коммуникациялардын директору Жон Кирбинин Украинага чачырама бомбаларды жөнөтүү боюнча айтканына кулак төшөп калышты. Аткаминер Кошмо Штаттардын Украина чатагында жасаган согуштук кылмыштарын де-факто мойнуна алды. Чачырама тибиндеги америкалык куралдардан жай жарандар көз жумарын ачык эле жар салды", — деп комментарий кылышкан элчиликтен.
Дипломатиялык миссиядан Америка администрациясынын Украинадагы жоруктарынын логикасы "жаман болгондо мындан ары дагы кандай болушу мүмкүн" деген принципке туш келет.
Комментарийге таянсак, АКШ Украинанын колу менен өзүнүн аймагынан алыста тургандарды жок кылууга даяр.
Россиялык элчилик Американын чачырама ок-дары жөнөткөн буга окшогон кадамдары Россияга жабырланткан сокку урууга багытталганы тууралуу тыянак чыгарды.
Ишемби күнү АКШ Украинаны чачырама ок-дары менен камсыздай турганын президенттин жардамчысы Жейк Салливан билдирген. Ал Украинанын калкы үчүн кооптуу экенин моюнга алып, бирок россиялык аскерлеринин согуш талаасындагы ийгилиги Вашингтон үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин айткан.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинага чачырама ок-дарылардын жеткирилиши жаңжалдын курчушуна дагы бир кадам болорун билдирди.
РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов мындай ок-дарылардын жеткирилишин Вашингтон Украинанын "контрчабуулунун" ийгиликсиз болгонун моюнга алгысы келбегендиги катары сыпаттады.
Кассеталык ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинаны чачырама ок-дары менен камсыздай турганын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0