Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча алмаштыруу жайы. Архив
Акча алмаштыруу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорун жазып, бир катар себептерин тизмектеди. Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайлар өзүнүн жүгүртүүдөгү каражатынын чыныгы суммасын жашырып келет.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Улуттук банктын финансылык мекемелери жана лицензия берген объектилеринин тизмесинен акча алмаштыруучу жайларды алып салууну сунуштап жатат.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Надира Нарматова
Депутат Надира Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын ачууга тыюу салынат.
Депутат "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду демилгеледи. Учурда документ коомдук талкууда турат.
Төмөндө мыйзам долбоорунун негиздемесинде келтирилген жүйөлөр тезис менен берилди:
валюта рыногундагы учурдагы кырдаал алмашуу бюролорунун маселесин көтөрүү жана өлкөнүн валюта рыногундагы иштин альтернативдүү варианттарын карап чыгуу зарылдыгын көрсөтүп турат;
Улуттук банкка отчетторду бербөө/туура эмес/толук бербөө, кассалык тартипти бузуу, террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабоо алмашуу бюролорунун ишинде негизги мыйзам бузуу болуп саналат;
алмашуу бюролору тарабынан бузулган мыйзамдар Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларга карабастан туруктуу негизде улантылып келе жатат. Алардын жүгүртүүдөгү каражатынын реалдуу көлөмү отчетто чагылдырылгандан ондогон эсе ашып кетиши мүмкүн;
алмашуу бюролорунун айрым кызматкерлери менен эмгек жана материалдык жоопкерчилик келишимдеринин жоктугу тастыкталган фактылар бар. Бул банк мыйзамдарынын талаптарына таптакыр каршы келет. Кызматкерлер менен эмгек макулдашууларынын жоктугу бюджетке салыктык түшүүлөрдү гана эмес, кызматкерлердин да толук корголбогондугуна алып келет;
2019-жылы патент түрүндө 37 миллион сом топтолду. Төлөнгөн салыктардын жүгүртүүлөргө жана алынган кирешелерге дал келбегендигине байланыштуу алмашуу бюролорун алып салуу жана ички көзөмөлдү жогорку деңгээлде жүзөгө ашырган тиешелүү уюмдарда бардык валюталык операцияларды жүзөгө ашыруу укугун берүү зарыл. Бул өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык чегерүүлөргө да таасирин тийгизет;
2020-жылдын март айындагы пандемия учурунда долларга негизсиз алмашуу курстарын жайгаштырып, жасалма ызы-чууну жана чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жогорулашын шарттады;
алмашуу бюролору тарабынан түзүлгөн валюта рыногундагы ажиотаж калкта жана бизнес-структураларда жасалма девальвациялык күтүүлөрдү калыптандырууда.
Супермаркетте сатылып аткан азык-түлүк. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Быйыл баалар канчага көтөрүлөт? Улуттук банктын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0