00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедненвные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Грязь, рукоходы и тракторное колесо - организаторы Baatyr Race о новом сезоне и детской трассе
16:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдардын репродуктивдик ден соолугу: ден соолукка эмне пайдалуу, эмнеден сактануу керек?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От археологии к современности: что изучение Большого Алтая дает сегодня?
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп кадр
Кыргыз киносунда жаңы "Бригада": курулуш усталары тууралуу комедия
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Кооперативдин курамы үй-бүлөдөн турбашы керек. Мыйзам, салык жана башкаруудагы көйгөйлөр эмнеде?
21:10
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Күндөн калкалоочу көз айнекти эмне үчүн жыл бою тагынуу керек?

© Sputnik / Асель СыдыковаОфтальмолог Жазгүл Бегалиева
Офтальмолог Жазгүл Бегалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Офтальмолог Жазгүл Бегалиева көздү күндөн, шамалдан, чаӊдан коргобогондон улам кыргызстандыктарда птеригиум оорусу көп кездешерин айтты.
Күн жыл бою, атүгүл булуттуу күндөрдө да чыгат. Демек, ультрафиолет нурлануусу да көзгө дайыма таасирин тийгизет. Ошондуктан жылдын кайсы убагы болбосун, ультрафиолет нурунан коргоочу көз айнек тагынып жүрүү керек. Бул тууралуу Жазгүл Бегалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Күндөн калкалоочу көз айнекти эмне үчүн жыл бою тагынуу керек?
Анын айтымында, сапатсыз кара көз айнек көрүү органдарына зыян келтирет.
"Линзадагы УФ-фильтри зыяндуу нурлардын карекке түшүүсүн алдын алат. Бул көздү ультра кызгылт көк нурлануунун интенсивдүү, узак мөөнөттүү таасиринен улам пайда болгон офтальмологиялык оорулардын алдын алууга жардам берет. Көз айнек көздү күндөн гана эмес, шамалдан, чаӊдан да коргойт. Эгерде көз алмасынын былжыр челине чаӊ түшсө, ал сезгенүүнү жана конъюнктивитти пайда кылат. Ал эми суукта жаш көп агып, шамалдан улам көз жашы тез бууланып, көз кургап кетет. Андан тышкары, көздү күндөн, шамалдан, чаӊдан коргобогондон улам кыргызстандыктарда птеригиум оорусу көп кездешет. Ал эми линзада ультрафиолет нурлануусунан коргоочу фильтр жок болсо, ал көрүү органдарына зыян. Кара көз айнек каректин кеңейишине себепкер болот да ушундан улам зыяндуу нурлар карекке көбүрөөк кирет. Бул фотокератит, катаракта, таптакыр көрбөй калууга алып келет. Ошондой эле арзан линзалар менен көз айнек тагынган адамдарда астигматизм, көздүн чарчоосу да байкалат. Андыктан биринчи кезекте көз айнек тандоодо анда күндөн коргоочу чыпкалардын болушуна көӊүл бөлүү зарыл. Көз айнектерди атайын дүкөндөрдөн, оптикалардан сатып алууну сунуштайм. Көз нейтралдуу түстөрдү, боз, боз-күрөң, боз-жашыл түстүү линзалары бар көз айнектерди тагынганда комфорттуу сезет. Андыктан ар кандай кызыл-тазыл көз айнектерди албай эле койгон оӊ", — деди Бегалиева.
Ал көз айнек көздү гана эмес, анын тегерегиндеги терини да ультрафиолет нурларынан сактап, көздүн айланасындагы бырыштарды алдын аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0