00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Токтоболот Абдумомунов — өмүр баяны

© Фото / из семейного архива АбдумомуновыхТоктоболот Абдумомунов
Токтоболот Абдумомунов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Атаке (Жаңы-Алыш) кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайын бүтүрүп, алыскы Гүлчө тараптагы Жошолуу сельсоветинде фельдшер пунктунда иштеген. Кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна кирип, ооруп калгандыгына байланыштуу 3-курстан кетүүгө аргасыз болгон.
Кыргыз мамлекеттик басмасында редактор, котормочу, республикалык радиокомитетте редактор, Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде, СССР Жогорку советинин ведомстволорунда котормочу, "Советтик Кыргызстан" журналында бөлүм башчы сыяктуу кызматтарды аркалаган.
Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталган. Өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахнасынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Жазуучу "Каркыралар кайтканда", "Сүйүү жана үмүт", "Бюро жүрүп жатат", "Жыгылган оогонго күлөт", "Ашырбай", "Жарыктык карыларым" ж.б. ондогон чыгармаларын жазып, алар театрларда коюлган. Мындан тышкары, "Машырбек үйлөнөт", "Чолпонбай", "Карагул ботом", "Алдар көсө", "Жоробайдын жоруктары", "Абийир кечирбейт" сыяктуу отуздан ашык пьесалары кыргыз драматургиясынын мыктыларынын катарында.
Токтоболот Абдумомунов драматургия жанрында эмгектенип, ошол жерден агарып-көгөрүп, өлкөбүзгө таанымал драматургдардын катарын толуктады. Чыгармачылык үзүрлүү эмгектери үчүн ал 1972-жылы "Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" наамын алган. 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. 1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамына татыган. Мындан сырткары, үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Эл достугу ордени жана Эмгектеги артыкчылыгы үчүн медалы менен сыйланган.
Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, СССР Жогорку советинин VI, VII, VIII чакырылыштарынын депутаты, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген. 1989-жылы 26-декабрда каза болгон.
Көзү өткөндөн кийин, 1991-жылы, улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйлыгы уюшулган.
1997-жылы 10-декабрда Кыргыз мамлекеттик драма театрына кыргыздын биринчи профессионал драматургу катары Токтоболот Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0