Классташтарым, жакындарым басынта берип өзүмө ишенимим жоголду. Жигиттин каты

© Фото / Pexels/ Min AnЖаш жигит отургучта отуруп жатат. Иллюстративдик сурөт
Жаш жигит отургучта отуруп жатат. Иллюстративдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына классташтарынын басынтуусунан, үй-бүлөсүнүн кайдыгерлигинен мокоп калган жигит кат жазды.
Саламатсыздарбы! Мен азыр 33 жашка келип калдым. Классташтарым дайыма шылдыңдап, ат коюп басынта беришчү. Ошондон улам өзүмдү экинчи планга жылдырып көнүп калыпмын. Кыз менен да сүйлөшүп көргөн эмесмин. Муну байкачу деле эмесмин. Үй-бүлөмдөн, ата-энемден деле ушуга чейин бир мактоо сөз укпаптырмын. Кийин классташым экөөбүз Москвада иштеп калып, батирде бирге туруп калдык. Жарашыксыз эле кийинип жүрө берчүмүн. Ал классташым аябай тыкан, тың, ойлору да жыйнактуу жигит. Тарс-тарс бетке айтат. Башында мени жактырган жок. Чынын айтканда теңине алчу эмес, бирок мен да мектепте жакшы окучумун. Жумушум жакшы. Классташым Улан экөөбүздүн жалпы темабыз эле жумуш жөнүндө болчу. Экөөбүз чогуу барып-келгиче унчукпай келе бермек белек, акырындан аркы-беркини сүйлөшүп отуруп жакын дос да болуп кеттик. Анан ал мага баскан-турганыма "эй, моминтип эле сүйлөп койбойсуңбу, тигиндей баспайсыңбы" деп чын дилден күйүп-бышып жиберчү. Анын сөздөрүн угуп отуруп өзүмдү түздөдүм. Бир ирет мен ага өмүр бою музыкага кызыгып келгенимди айтсам, "ой, барбайсыңбы анда" деп гитара курсуна жиберип, заматта эле жакшы өздөштүрүп алдым. Ошентип бара-бара ачылып, өзүм каалагандай кийине баштадым. Ишеним пайда болду. Улан да кээде менден кийинүү боюнча кеңеш сурап калат. Ансайын кубанам. Кыскасы, Улан бир ирет чай үстүндө "Аза, мен сени менен 11 жыл окусам да, сени менен жаңы таанышкандай болуп жатам. Сени "лох" катары көрчүмүн. Бирок музыкага, кийимге табитиң укмуш, өзүнчө эч кимге окшош эмес дүйнөң бар турбайбы. Эмнеге мектепте башкача элең?" деп сурады. Ошондон кийин аябай көп ойлондум. Көрсө, мага башкалардын ишеними жетишчү эмес экен. Өзгөргөнүмө Уландын мага айткан акылдары жана өзү байкабай эле берген баасы себеп болду. Анын үстүнө ал класста "авторитет" балдардан болчу да. Бул эркектер үчүн маанилүү. Ушундай классташым менен дос болуп, анын ишенимине киргенден кийин өзүмдү башкача сезип калдым. Көрсө, өзүмө болгон баам абдан түшүп кетиптир. "Сени балдар көрсө эми тааныбайт" деп каткырып күлүп калат. Жакында бир татынакай кыз менен таанышып сүйлөшүп жатам, бирок менде бир коркунуч бар. Кыргызстанга келсем эле мурунку калыбыма кайтып келчүдөй боло берет. Себеби үй-бүлөм мага мурункудай эле мамиле жасайт. Мурунку тааныштар баары мага түнт, чечкинсиз немедей мамиле кылат да. Ушунун баарына туруштук бере албай каламбы, муну көргөн сүйүктүүм кандай кабыл алат? Ушул жагын ойлосом таттуу уйкумдан ойгонуп кетчүдөй боло берем.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

Эл менен мамиле жасай албаган түнт мүнөзүнүн себеби жигит коркуп калган же бирөөлөрдүн басымынын алдында чоңойгонунан кабар берет. Башкача айтканда, зомбулук көргөн. Классташтарынын арасында шылдыңдоо, мазактоого дуушар болуп калган. Жан дүйнөнүн жараатын толук айыктырбаса кайра-кайра кайталана берет. Ошол өзүнө ишенимсиз сезим кайра-кайра ойгоно берет. Азыр сиз мурунку тааныштарга, классташтарыңызга жолуккандан коркуп жатасыз. Жарааттарыңызды айыктырсаңыз эле өзүңүздү ишенимдүү алып жүрө аласыз. Кичинеңизден басмырлоого кабылгансыз. Ошондуктан "мен жаман, башкалар жакшы" деп өзүңүздү экинчи планга коюп үйрөнүп алгансыз. Тыйып эле "сен коё тур, мен айтам" дегенди уга берген бала өзү максат койгонду билбей, башка бирөөнүн максаты менен жашап калат. Сөзсүз өзү менен иштеши керек.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Үй-бүлөлүү жигитке алданып калдым... Кош бойлуу кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0