ЕАЭБ өлкөлөрүнө орток санарип валюта зарылбы?

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЕАЭБ өлкөлөрүн желектери. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдиктин ичиндеги транс чек аралык эсептешүүдө санарип валютаны пайдалануу активдерге арест салынышынан качууга мүмкүндүк берет, анткени төлөмдөрдү жүргүзүүгө чет өлкөлүк банктар аралашпайт.
Михаил Воробьев
Апта аягында РФтин Мамлекеттик думасы Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында орток санарип валютаны түзүү сунушун камтыган токтом кабыл алды. Бул демилгенин жүзөгө ашырылышы бирикмеге кирген өлкөлөргө кандай өбөлгө боло аларын Sputnik агенттиги талдоого аракет кылды.

Активдердин камалышына каршы туруу

РФ Мамлекеттик думасынын КМШ маселелери боюнча комитетинин башчысы Леонид Калашников Sputnik агенттигине өз демилгесинин себептерин түшүндүрүп жатып акчаны чет өлкөлүк валютада жана сыртта сактоого болбостугун баса белгиледи. Анын айтымында, маселенин орчундуулугу Батышта Россиянын Борбордук банкынын активдеринин гана камалышы менен негизделбейт, жакында эле Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду да ушул көйгөйгө кабылды.
Ошондуктан парламентарий тезинен башка — рубль, юань же санарип валютага өтүү керектигин айтат. Демилге андан ары кандай ишке ашары Россиянын өкмөтү жана Борбордук банктын чечимдерине жараша болмокчу.
Евразиялык экономикалык биримдиктин ичиндеги транс чек аралык эсептешүүдө санарип валюта пайдалануу активдерге арест салынышынан качууга мүмкүндүк берет, анткени төлөмдөрдү жүргүзүүгө чет өлкөлүк банктар аралашпайт. Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин дүйнөлүк каржылык рыноктору жана финтех кафедрасынын доценти Денис Перепелица бул демилгени ушундайча түшүндүрдү. Мындан тышкары, жалпы санарип валюта конвертация, сатуудагы көйгөйлөрдү чечип, транс чек аралык акча которуу процессин тездетип, арзандашына жана жеңилдешине өбөлгө болмокчу.
"Жакынкы чет өлкөлөр коммерциялык банктар жана эл аралык төлөм тутумдары колдонгон системанын кемчиликтеринен арылган кынтыксыз төлөм инструментине ээ болушат. Кемчилик дегенибиз – SWIFT системасына туташтырылган банктарды үчүнчү жактардын бөгөттөп коюу мүмкүнчүлүгү. Мындан сырткары, SWIFT — төлөмдүн ар бир тилкесинде комиссия кармаган кыйла кымбат төлөм системасы", — дейт Перепелица.
Ошондой эле ал санарип валютада төлөмдөрдүн ачыктыгы кыйла жогорулай турганын белгиледи. Анткени бул валютанын ар бир бирдиги уникалдуу номерге ээ, демек, төлөмдүн ар бир чынжырынын изине көз салууга болот.
Евробиримдиктин желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Саясат таануучу: Батыш Борбор Азия үчүн активдүү күрөшкө өттү

Сынамык аракет

Заманбап өнүгүү институтунун "Финансы жана экономика" багытынын жетекчиси Никита Масленников Россияда санарип рубль сыналып жатканын эске салды.
"Анык бир практиканы иштеп чыгып, бул кандай иштей турганын көрүү керек. Андан кийин ири эл аралык долбоорлорго чыгууга болот", — деп эсептейт ал. Ошону менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баары эле бул маселеде кыйла жогорку чекте эмес экенин да эске алуу кажет. Ушул тапта Россиядан сырткары Казакстан гана өзүнүн санарип валютасын сыноодо.
Армения, Беларусь жана Кыргызстанда бул маселе али талкууланып гана жатат. Санарип рубль – РФтин Борбордук банкынын аянтчасындагы электрондук капчыкта сакталган санарип код. Ал төлөө жана которуу үчүн каражат катары жаралат (аны топтоо же насыялоо каражаты катары колдонууга болбойт).
Санарип рубль накталай жана накталай эмес каражаттарга кошумча россиялык акчалардын үчүнчү түрү болмокчу. Аны РФтин Борбордук банкы чыгарат. Санарип рубль менен эсептер өзүнчө коммерциялык банктарда эмес, Борбордук банктын серверлеринде сакталат. Алар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөнөт. Санарип рубль менен операциялар интернетке туташуусуз да жүргүзүлөт. Санарип рубль керектөөгө 2030-жылы киргизилери болжонууда.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы Европа биримдиги — Борбор Азия саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Евробиримдик Борбор Азияга "өз" боло албайт. Саммиттен кийинки ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0