2-июлга карата аба ырайы

© AFP / NATALIA KOLESNIKOVAЖайдын ысыгында күндөн жүзүн жабууга аракет кылып жаткан аял. Архив
Жайдын ысыгында күндөн жүзүн жабууга аракет кылып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
2-июлга караган түнү республиканын аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас аймагында +28...+33, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында +37...+39, Чолпон-Ата калаасында +24...+26 градуска жетет.
Кыймылдатпа! Тоодон кулаган адамга кантип жардам берүү керек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Кыймылдатпа! Тоодон кулаган адамга кантип жардам берүү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0