Путин Россиядагы мусулмандарды Курман айт менен куттуктады

© Sputnik / Гавриил Григоров / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Өлкө башчы Россиянын мусулман коомчулугу өлкөнүн жашоосунда чоң жаратмандык ролду ойной турганын белгиледи.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Президент Владимир Путин Россиядагы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Путиндин айтымында, бул майрам терең адеп-ахлактык, руханий мааниге ээ, коомдо жакшылыктын, ырайымдуулуктун жана адилеттүүлүктүн идеалдарын бекемдөөгө кызмат кылып келет.
"Россиянын мусулман коомчулугу өлкөнүн жашоосунда чоң жаратмандык ролду ойнойт. Улуттар аралык жана диндер аралык тынчтыкты бекемдөөгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого олуттуу салым кошуп келишет", — деди ал.
Путин учурда мусулман жоокерлер ата-бабаларынын тарыхый, руханий, патриоттук салттарына таянып, атайын аскердик операциянын жүрүшүндө тайманбастыгын жана эрдигин көрсөтүп жатышканын белгилеген. Жолдоштору менен катарлаш туруп Россияны коргоп келишерин айтты.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Өлкөбүздө бакубатчылык болсун. С.Жапаров элди Курман айт менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0