00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлкөбүздө бакубатчылык болсун. С.Жапаров элди Курман айт менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
Элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады.
Ммалекет башчынын куттуктоосун төмөндө толугу менен беребиз.
"Урматтуу мекендештер! Ардактуу мусулман бир туугандар!
Баарыңыздарды мусулманчылыктагы эң чоң эки майрамдын бири Курман айт майрамы менен чын ниетимден куттуктаймын!
Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.
Курмандык – бул Жаратканга жакындоонун, анын буйрук-талаптарына моюн сунуп, напсиге азгырылбай, күйүмдүү болуунун белгиси. Анын маани-маңызы колунда бар жарандар менен муктаж болгондордун ортосунда көпүрө жаратып, алардын ортосунда мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдерди жандантып, бири-бирине болгон сый-урматын бекемдөөдө жатат. Жоомарттык кылып, курмандык чалып, башка бир мекендешине майрам тартуулоо менен адамзатты ынтымакта, биримдикте, тынчтыкта жашоого үндөй турган өзгөчөлүккө ээ.
Мен дагы жалпы Кыргыз жарандарын Курман айт майрамында муктаж адамдардын кубанычына себепчи болууга чакырып кетем. Ислам дининин баалуулуктары кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарына шайкеш келип, элибиздин руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.
Урматтуу момун мусулмандар!
Бүгүнкү күндө Мекке шаарында ажылык парздарын аткарып жүргөн мекендештерибиздин ибадаттары кабыл болуп, аман-эсен кайтып келишин тилек кылалы. Чалынган курмандыктарды Жараткан Алла кабыл кылсын.
Ар кыл этностордон жана конфессиялардан турган ырыскылуу кыргыз элинин биримдиги чыңдалып, бата-тилектер кабыл болуп, Ата Мекенибиздин өнүгүшүнө багытталган бардык ой-максаттарыбыз орундалсын.
Жараткан куттуу өлкөбүзгө бакубатчылык ыроолосун! Айт майрамыңыздар маарек болсун!".
Бишкекте айт намаз окулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Бишкекте айт намаз окулду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0