https://sputnik.kg/20230627/vladimir-putindin-kayryluusu-1076571923.html
Путин ишембидеги куралдуу көтөрүлүштөн кийин Россия жарандарына кайрылды. Видео
Путин ишембидеги куралдуу көтөрүлүштөн кийин Россия жарандарына кайрылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө киришкен Беларусь президенти Александр Лукашенкого да ыраазылыгын айтты. 27.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-27T01:58+0600
2023-06-27T01:58+0600
2023-06-27T09:39+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
владимир путин
кайрылуу
"вагнер" тобу
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1b/1076571468_0:298:3072:2026_1920x0_80_0_0_e3ea80f7167683e2d609c68a58ca9c25.jpg
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ишемби күнү болгон "Вагнер" окуясынан кийин түз эфир аркылуу Россия элине кайрылып, билдирүү жасады.Анда РФ лидери бир нече учурга токтолду.Ал Россия элине кайрылып, алардын чыдамкайлыгы, биримдиги жана патриоттуулугу үчүн ыраазылыгын билдирди.РФ лидери козголоңчуларга тоскоол болуп, өз милдетине, антына, элине бекем турган бардык аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, атайын кызматка да ыраазылыгын айтты. “Курман болгон баатыр-учкучтардын эрдиги жана кан-жанын аябагандыгы Россияны кайгылуу, кыйратып кете турган кесепеттерден сактап калды”, — деди ал.Андан сырткары, "Вагнердин" жалгыз чечимди кабыл алып, боордошторунун канын төгүүгө макул болбогон командирлерине жана жоокерлерине ыраазылыгын билдирди.Ал кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө билек түрө киришкен Беларусь президенти Александр Лукашенкого да ыраазылыгын айтты.Путин бул күндөрү жарандардын патриоттук духу , Россиянын жалпы коомунун консолидациясы маанилүү ролду ойногонун белгиледи.“Бул колдоо биздин Мекен үчүн эң оор сыноолорду бирге жеңип чыгууга мүмкүндүк берди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Путин.Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.
https://sputnik.kg/20230626/prigozhinge-ish-kozgoo-toktogon-zhok-1076560193.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1b/1076571468_768:333:3055:2048_1920x0_80_0_0_7311a94353bb6da379aebdcb9882825d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, кайрылуу, "вагнер" тобу
дүйнөдө, россия, владимир путин, кайрылуу, "вагнер" тобу
Путин ишембидеги куралдуу көтөрүлүштөн кийин Россия жарандарына кайрылды. Видео
01:58 27.06.2023 (Жаңыртылды: 09:39 27.06.2023) Кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө киришкен Беларусь президенти Александр Лукашенкого да ыраазылыгын айтты.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ишемби күнү болгон "Вагнер" окуясынан кийин түз эфир аркылуу Россия элине кайрылып, билдирүү жасады.
Анда РФ лидери бир нече учурга токтолду.
Ал Россия элине кайрылып, алардын чыдамкайлыгы, биримдиги жана патриоттуулугу үчүн ыраазылыгын билдирди.
“Бүгүн мен дагы бир жолу Россиянын бардык жарандарына кайрылам. Чыдамдуулугуңуз, тилектештигиңиз жана мекенчилдигиңиз үчүн рахмат. Жарандык тилектештиктин күчү ар кандай коркутуу, ички башаламандыктарды жаратуу аракетин ийгиликсиз кыларын көрсөттү”, — деп белгиледи Путин.
РФ лидери козголоңчуларга тоскоол болуп, өз милдетине, антына, элине бекем турган бардык аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, атайын кызматка да ыраазылыгын айтты.
“Курман болгон баатыр-учкучтардын эрдиги жана кан-жанын аябагандыгы Россияны кайгылуу, кыйратып кете турган кесепеттерден сактап калды”, — деди ал.
Андан сырткары, "Вагнердин" жалгыз чечимди кабыл алып, боордошторунун канын төгүүгө макул болбогон командирлерине жана жоокерлерине ыраазылыгын билдирди.
“Бүгүн сиздерде Коргоо министрлиги же башка күч түзүмдөрү менен келишим түзүп, Россияга кызмат кылууну улантууга же үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга кайтууга мүмкүнчүлүк бар. Каалагандар Беларуска өтө алат. Мен берген убада аткарылат”, — деди РФ лидери.
Ал кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө билек түрө киришкен Беларусь президенти Александр Лукашенкого да ыраазылыгын айтты.
Путин бул күндөрү жарандардын патриоттук духу , Россиянын жалпы коомунун консолидациясы маанилүү ролду ойногонун белгиледи.
“Бул колдоо биздин Мекен үчүн эң оор сыноолорду бирге жеңип чыгууга мүмкүндүк берди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Путин.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.