28-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ош базарында адамдар. Архив
Бишкектеги Ош базарында адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +34...+36, Чолпон-Ата шаарында +20...+22 градусту көрсөтөт.
КР ӨКМине караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын улук инспектору Хашимжан Абдрахманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2023
Радио
Өрт чыкпаш үчүн имарат кандай талаптарга жооп бериши керек? ӨКМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0