https://sputnik.kg/20230620/kozhoshev-cho-evropanyn-transporttuk-zhany-karkasy-tuuraluu-1076401557.html
ЕЭК министри Кожошев: Чоң Европанын транспорттук жаңы каркасы түптөлүүдө
ЕЭК министри Кожошев: Чоң Европанын транспорттук жаңы каркасы түптөлүүдө
Sputnik Кыргызстан
ЕЭК министри жаңы туруктуу логистикалык чынжырларды куруу жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүнү тездетүү актуалдуулугу артканын айткан. 20.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-20T16:10+0600
2023-06-20T16:10+0600
2023-06-20T16:10+0600
кыргызстан
еэк
еаэбдеги кыргызстан
арзыбек кожошев
темир жол
транспорт
https://sputnik.kg/img/07e7/06/14/1076401392_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_6f00c22099a1105e99accc848c49f96f.jpg
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Учурда болуп жаткан инфраструктура жана логистикадагы фундаменталдуу өзгөрүүлөр Чоң Евразия үчүн жаңы транспорттук базаны түзүүгө өбөлгө болот. Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.Анын "Транспорт коридорлорун өнүктүрүү" ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин соода жана транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты" аттуу тегерек столго катышканын Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Кожошевдин айтымында, азыркы тенденцияларды эске алуу менен өнүккөн жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура ЕАЭБ алкагында жаңы өндүрүштөрдү түзүүнүн, инвестициялардын өсүшүнүн жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүнүн дагы олуттуу шарты болуп калмакчы.ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлору башка тармактар үчүн гана буюртмалардын портфелдерин түзбөстөн, келечекте алардын иштешин камсыз кылууга тийиш.Мунун аркасы менен жаңы транспорт түйүндөрү түзүлөрү белгиленген.Кожошев Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту жаңы жашоого ээ болуп жатканын айткан."Чыгышка жана Азияга жүк агымынын артка бурулуусу шартында классикалык "Түндүк – Түштүк", "Европа – Батыш Кытай", "Жаңы Жибек Жолу" коридорлору жана Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту жаңы жашоого ээ болуп жатат. Ал эми бүгүнкү күндө жаңы туруктуу логистикалык чынжырларды куруу жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүнү тездетүү актуалдуулугу болуп көрбөгөндөй көбөйдү", — деген ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри.
https://sputnik.kg/20230620/kozhoshev-kyrgyzstandyn-transporttuk-tunguyuktan-chyguu-mumkunchulugun-aytty-1076397003.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/14/1076401392_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_1fd0cc8d258813597d5a1079e94288c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еэк, еаэбдеги кыргызстан, арзыбек кожошев, темир жол, транспорт
кыргызстан, еэк, еаэбдеги кыргызстан, арзыбек кожошев, темир жол, транспорт
ЕЭК министри Кожошев: Чоң Европанын транспорттук жаңы каркасы түптөлүүдө
ЕЭК министри жаңы туруктуу логистикалык чынжырларды куруу жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүнү тездетүү актуалдуулугу артканын айткан.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Учурда болуп жаткан инфраструктура жана логистикадагы фундаменталдуу өзгөрүүлөр Чоң Евразия үчүн жаңы транспорттук базаны түзүүгө өбөлгө болот. Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын "Транспорт коридорлорун өнүктүрүү" ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин соода жана транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты" аттуу тегерек столго катышканын Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кожошевдин айтымында, азыркы тенденцияларды эске алуу менен өнүккөн жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура ЕАЭБ алкагында жаңы өндүрүштөрдү түзүүнүн, инвестициялардын өсүшүнүн жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүнүн дагы олуттуу шарты болуп калмакчы.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлору башка тармактар үчүн гана буюртмалардын портфелдерин түзбөстөн, келечекте алардын иштешин камсыз кылууга тийиш.
"Ошол эле учурда дүйнөдө жаңы инфраструктуралык коридорлорду түзүүдөгү динамикалык прогресс Кытайдан "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында келип чыккан трансевразиялык экономикалык коридордун маанилүү бөлүгү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол линиясы болушу мүмкүн. Ал Кытай— Кыргызстан — Өзбекстан темир жол линиясын бириктирет. Кытай Борбордук Азия жана Европа менен, ошондой эле учурдагы Чыгыш-Батыш коридорун 900 чакырым кыскартып, убакытты жана акчаны олуттуу үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылган маалыматта.
Мунун аркасы менен жаңы транспорт түйүндөрү түзүлөрү белгиленген.
Кожошев Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту жаңы жашоого ээ болуп жатканын айткан.
"Чыгышка жана Азияга жүк агымынын артка бурулуусу шартында классикалык "Түндүк – Түштүк", "Европа – Батыш Кытай", "Жаңы Жибек Жолу" коридорлору жана Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту жаңы жашоого ээ болуп жатат. Ал эми бүгүнкү күндө жаңы туруктуу логистикалык чынжырларды куруу жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүнү тездетүү актуалдуулугу болуп көрбөгөндөй көбөйдү", — деген ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри.