00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Финансовый апгрейд: Кыргызстан перенимает опыт у России
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
История на стендах: в Бишкеке открылась выставка о писателях войны
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бакыт же байлык. Кыздар эмне үчүн бай адамга турмушка чыгууну каалайт?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
АНО «Евразия» — год работы, тысячи участников и планы на большее
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатат? – Мал чарбаларга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүүдө?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ичимдик эмне үчүн жүрөккө "бычак". Адистер кесепетин санап берди

© Фото / Pexels / MART PRODUCTION Мас адам төшөктө жатат. Иллюстративдик сүрөт
Мас адам төшөктө жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
Ичимдик жүрөккө кошумча күч келтирип, күчөтүлгөн режимде иштейт да, адаттагы ыргагынан эки эсе көп кан айландырууга туура келет.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Алкоголь жана анын уулуу компоненттери канды коюулантат жана тромбдорду пайда кылат, бул кан тамырлардын бүтөлүшүнө жана карышуусуна түрткү берет.
Мындай эскертүүнү Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жасады.
"Ичимдик — жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөткөн факторлордун бири. Жыл сайын дүйнө жүзүндө алкоголдон жана анын кесепетинен болжол менен 2,5 миллион адам көз жумат. Аталган илдеттен каза тапкандардын 14 пайызы алкоголь ичүү менен байланышкан", — деп айтылган анда.
Спирт ичимдиктерин ичкенде жүрөк мүнөтүнө 100гө чейин согот, кан айлануу ыргагынан чыгат, майда кан тамырлар карышат.
Спирт ичимдиктери организмде төмөнкү өзгөрүүлөрдү пайда кылат:
жүрөккө кошумча күч келип, күчөтүлгөн режимде иштейт да, адаттагы ыргагынан эки эсе көп кан айландырууга туура келет;
анын уулуу компоненттери жүрөк булчуңдарында майлардын топтолуусун жана жүрөктүн май дистрофиясынын өрчүшүн шарттайт;
кандын уюп кетүү ыктымалдыгы жогорулап, ал кан тамырлардын капталдарында холестерин бүртүкчөлөрүнүн пайда болуусуна жана атеросклероздун өрчүшүнө алып келет;
ичимдиктин жүрөккө таасир этиши артериялык кан басымды өзгөртөт. Алгач "жинди суу" кан тамырларды кеңейтет, андан кийин алар карышып улам ичкере баштайт. Кан тамырлардын узак убакытка чейин карышуусу артериялык кан басымдын жогорулашына алып келет. Ал эми бул гипертониялык оорунун өнүгүүсүнө себепчи болот же гипертониялык кризистердин пайда болуусуна түрткү берет;
ичимдик менен узак убакытка чейин "жолдош болуу" жүрөк ритминин бузулушу, кардиомиопатияны (жүрөк жетишсиздигине алып келүүчү жүрөк булчуңдарынын жабыркашы) пайда кылышы ыктымал. Инфаркттын келип чыгуу кооптуулугун жогорулатат. Жаш куракта (40 жашка чейин) инфаркт көп учурда ичимдиктен улам кармайт.
алкоголго кошуп тамеки чегүү, аз кыймылдоо, туура эмес тамактануу инфаркт, инсульт жана жүрөк-кан тамыр системасынын башка ооруларынын өрчүү коркунучун жогорулатат.
Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Алкоголь кимге пайдалуу? Окумуштуулардын тыянагы
Жаңылыктар түрмөгү
0